Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын тургуну Марсбек кызы Назира Турция өлкөсүндөгү Стамбул шаарында 2020 — жылы 9-13 январда өткөн эркин күрөш боюнча турнирге катышып келди.
Чоңдор арасында өткөн Эл аралык турнирде 1 — орунду багындырып, алтын медал тагынды.
Назира 1999 — жылы 21 — июнда Нарын облусуна караштуу Ат — Башы районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй бүлөдө төрт бир тууган. Спортко эжеси Нурила алып барып, спорт дүйнөсүнө аралаштырган. Республикалык олимпиадалык окуу жайда 8 — класстан билим алып баштаган. Кыздар арасында эркин күрөш менен алты жылдан бери машыгып келет.
Грузия мамлекетинин Тбилиси шаарында 2016 — жылы өткөн өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатында 3 — орун, Кытай мамлекетинде 2017 — жылы өткөн жаштар арасында Азия чемпионатында 3 — орун, ушул эле жылы Туркменистан мамлекетинде Ашхабад шаарында өткөн түркмөн күрөштө 2 — орун Таиланд мамлекетинде өткөн Азия чемпионатында 2 — орун, Эстония мамлекетинин Таллин шаарында өткөн жаштар арасында Дүйнө чемпионатында 5 — орунду ээлеп келген.
«Ар бир мелдешке кетип жатканда апам Рахманова Назгүл жети токоч нан бышырып, ак батасын берип, өзгөчө узатат. Ошол себептен да ийгиликтерди багындырып келе жатам деп ойлойм. Апам мага ар дайы колдоо көрсөтүп келет» — деп билдирди Марсбек кызы Назира. Учурда Назира Кыргыз мамлекеттик техникалык универстинин технология бөлүмүндө 3 — курста билим алууда.