Баткен облусу боюнча Баткен жана Лейлек районунун бир катар айылдарында «элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору иш жүзүнө ашып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрүнөн болгон, 100 аялдан турган өз ара жардам тобу түзүлдү.
Лейлек районунун Ай-Көл, Максат айылдарында жана Баткен районунун Кара-Токой, Самаркандек айылдарында ишке ашырылып жаткан «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык –түлүк программасынын колдоосу менен «Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду тарабынан аткарыла баштады.
Долбоордо эң активдүү катышкандар.
«Долбоордун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 100 аялдан турган өз жардам топтору түзүлгөн.
Буга чейинки айылдарда түзүлгөн топтордон булардын айырмачылыгы:
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, алардын ичинен:
• Көп балалуу үй-бүлөлөр-5 кем эмес;
• Социалдык жөлөк пул алуучулар;
• Каттоодон өткөн жумушсуздар;
• Жалгыз аял башкарган үй-бүлөлөр;
• Ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар топко кирген.
Долбоордун аты айтып тургандай элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында топтук иштер жакшы натыйжа берет. Өз Жардам Тобуна мүчө болуу менен биргеликте топ мүчөлөрү бири-бирине колдоо көрсөтөт жана жардам берет. Жашоо шартын жакшыртуу боюнча кошумча киреше табуу багытында окууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Жергиликтүү жамаааттын жана айылдын өнүгүшүнө салым кошушат. Ар тараптан өнүгүү боюнча иш-чараларга катышат жана топтун ишин алдыга жылдырууга көмөк көрсөтөт.
Бул долбоор алкагында жогоруда белгилеп өткөндөй чек ара айылында жашаган аз камсыз болгон кожолуктардан 100 аял жашоо шартын жакшыртуу боюнча кошумча киреше табуу багытында окууларга катышууга мүмкүнчүлүк алган. Топтогу мүчө аялдар менен жолукканда кошумча киреше берүүчү ишмердүүлүк катары тигүүчүлүк менен кол өнөрчүлүктү жана кондитердик таттуу азыктарды бышырууну тандаган. Тигүүчүлүктүн жаңы усулдарын, тигүүчүлүк, аялдардын көйнөктөрүн бычып-тигүүнү жана таттуу азыктарды бышырууну үйрөнүү боюнча топтун мүчөлөрү кошумча киреше берүү багытында 2 күндүк билим алышкан. Мындан сырткары, бизнес план жазуу, финансылык жана медиа сабаттуулук багытында ушул эле аялдар кошумча окууларга тартылды.
Окуудан өткөн бул аялдар бизнес план сунушун жазган. Бул сунуш донорлор тарабынан колдоо тапса, кеминде 40% аялдар жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүнө киреше алып келип, өздөрүнүн экономикалык абалдарын жакшыртуусу бышык.
Жыйынтыгында, долбоорго катышкан Баткен облусунун 4 айылынын 100 тургунуна Дүйнөлүк Азык –түлүк программасынын алкагында азык-түлүк түрүндө 150 кг ун, 15 литр өсүмдүк майы таркатылды»,- дейт долбоордун координатору Алмазбек Рахманов.
Барчынай Алимова