Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылындагы 16-мектебине спорт зал курулууда. Заманбап спорт залды куруу үчүн учурда 2 700 000 сом каражат сарпталды.
Мектеп директору Айнагүл Жолдошованын айтымында, спорт зал мамлекет тарабынан курулууда.
«Курулуш иштери 2016-жылдын жаз айында башталган жана ошондой эле келишим боюнча август айынын 15инде бизге ачкычын бериши керек», — деп айтты Жолдошова.
Курулуш иштери боюнча башчы Бахадыр Турсунов бул жерге келишим боюнча Ош облусунан 2016-жылдын жаз айында келген.
Бул спорт зал азыркы кездеги талапка жооп берээрлик заманбап залдардын бири. Ичинде бардык шарттары менен кошо курулуп жатат.
«Биз бул ишти алып жатканыбызда келишим түзгөнбүз, эми ошол келишим боюнча ушул жылдын август айында бардык нерсесин бүтүрүп ачкычын тапшырабыз», — деп айтты Турсунов.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды