Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы булактардын бири — бул Кош-Булак. Бул булактын келип чыгышын илгерки ата-бабаларыбыз ар кандайча айтып келишкен, мурунтан айтылган уламыштар азыркы күнгө чейин айтылып келет.
Ошол уламыштарды көптөгөн айыл тургундары чын деп билишет. Биз булак туурасында айыл туругндардан сурап көрдүк.
Токтогул Кадыркелов 78-жашта. Ал уламыштарды, эпос, баяндарды көп билет. Көзү азиз болсо да комузду жакшы чертет. Токтогул Кадыркелов Кош-Булактын келип чыгышы туурасында төмөнкүлөрдү айтып өттү.

“Илгери 40 баатыр кыз болгон экен, алар жолдо келе жатышып калмактарга жолугуп алар менен көп күн согушуп калмактарды жеңишет. Андан ары кыздар 1-2 айдай жол жүргөндүктөн бир баатыр кыз жуунуп алайын деп жатканда бирөө жаа менен атат, айланасындагы 40 кыз башка жактарга эс алгана кетип калышат. Баягы баатыр кызды атканда ал эки колун жайып жерге кулап өлөт. Ошол жайган эки колунун эки жагынан булак чыгып баштаган. Мен бул уламышты илгерки карыган ата-апалардан уккам, ал кезде элдин баары ошондой деп айтышчу”, — деп айтып берди ал.

Биз жолдон баратып чоң тоонун үстүндөгү сайылган жалгыз таякты көрдүк. Токтогул атанын айтымында, ошол баатыр кыздын сөөгү улук саналып тоонун башына коюлуптур.

Биз ал тоонун башына чыга алган жокпуз, сүрөткө тарткан эмеспиз, себеби аны жөн эле сайылып турган таяк го деп алыстан кетип калганбыз. Таяк баатыр кыздын сөөгүнүн үстүнө сайылган экен.
Биология мугалими Мурат Сыдыковдун, айыл тургуну Таалайкүл Казиеванын да ою Токтогул атаныкындай эле болуп, эч айырмасы болгон жок.
Согуштур ардагери, илгери балдарга сабак берген тарыхчы мугалим Дүйшөнаалы Макеналиев булак тууралуу башкачараак уламыш билээрин айтат.

«Булак туурасында атаман укканымды айтып берейин. Мурун чоң-чоң болгон аска зоолор болгон, алардан кенедей тамчылар куралып отуруп, чоң булакка айланган деп айтылат”, — дейт ал.

Тарыхчы мугалимдин айтымында, бул булактын алдынан өткөн, ар бир киши сөзсүз куран окуп, булактын оозун тазалап, бети-колун жууп алып кетишчү.

Айылда булак туурасында ар ким өзүнүн айткандарын туура деп эсептеп жатышты, көбүнүкү Токтогул Кадыркеловдукуна окшош болгондуктан жазган жокпуз. Учкун айылынын тургундары тоонун үстүнө сайылган жыгачка барышып, баатыр кызга арнап куран окуп өтүшөт.
Даярдаган: Динис Жайлоо уулу
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн