Чогулушта каралган маселе боюнча Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Тилебек Жумабаевге кайрылып, төмөндөгүчө маалымат алдык.
Бүгүнкү чогулуштун максаты кандай?

— Саламатчылык. Жыйналышка эл абдан жакшы чогулду, Нарындан да атайын өкүлдөр да келип катышышты. Учкун айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча жобону эл менен тааныштырдык.
Укук бузуулар боюнча жоболор деп жатасыз. Кандай укук бузуулар?
— Кыскасын айтканда айыл ичиндеги тартипти жөнгө салуу боюнча маселелер каралды. Алардын ичине корук, көчүп конуу, тазалык, көрктөндүрүү жана башкалар кирет.

Жыйналышка чогулган эл кандай кабыл алды?
— Айыл тартибинин маселеси болгондуктан баары жакшы кабыл алып, колдоп беришти.
Мындан аркы иш аракеттериӊиздер кандай болот?
— Учурда жобого карата эреже иштеп чыгып жатабыз. Талкуу болду. Эми сессияга сунуштайбыз. Бекитилсе уставы менен кошо юстициядан каттоодон өткөрүп, веб сайтка жарыялайбыз. Жарыялангандан кийин мыйзамдуу болуп эсептелинет.

Жобонун негизинде ишти ким алып барат?
— Жобого ылайык атайын комиссия түзүлөт. Түзүлгөн комиссия мыйзамдын чегинде иш алып барат.
Маегиңизге чоң рахмат.
Авторлор: Айзат Түмөнбаева, Дилде Шатан кызы
Сынак үчүн