«Соң-Көл» орто метебинин пайдубалын түптөп, үзрлүү эмгектенип келген ардактуу эс алуудагы агай-эжелер көп. Алардын бир Фатиса Чоргоева көп мезгилге чейин мектепте математика мугалими болуп эмгектенип келген.
«Мен мектепте 44 жыл иштегем. Азыр окуучуларымды сагынам, өзгөчө класс жетекчи болгондо өз классың өзүңдүн балаңдай болуп калат экен. Алардын кыял-жоруктарын эстеп сагынып калам. Алар бардыгы азыр ата- эне болушту, кээ бирөөлөрү ар кандай кесиптерге ээ болушуп, алды мыкты педагог, доктур, тикмечи, курулушчу деги эле жакшы кесиптерди аркалашат»,- дейт Фатиса Чоргоева.
Чоргоева Фатиса 1955-жылы 15-июнда — Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылында төрөлгөн. 1962-жылы Көк-Жар орто мектебинин 1-классына кирип, 1972-жылы орто мектепти аяктаган. Ушул эле жылы Пржевальскидеги педогогикалык Институна кирип, 1976-жылы аталган окуу жайды бүтүргөн. 1976-1977-жылдар аралыгында Көк-Жар орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген. 1978-жылдан баштап Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинде эмгек жолун улайт.
үзурлүү эмгектин натыйжасында райондук, облустук жана билим берүү министрлигинин ардак грамоталарына татыктуу болгон. 2000-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Андан сырткары, «Айылдын ардактуу атуулу»-2015 сыйлыгы бар.
2002-жылдан баштап ардактуу эс алууда. Бирок айылда математик мугалимдердин жетишсиздигинен улам мектепте 2018-жылга чейин келишимдик негизде иштеп келген. Учурда ардактуу эс алууда.
Елена Амангулова