Ак-Талаа районунда 13 айыл өкмөттө жергиликтүү курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жыйындар өткөрүлүүдө. Алынган маалыматка караганда 1-8-октябрга чейин 4-ноябрда өтүүчү жергиликтүү курултайга 413 делегат шайланды.
Үгүт айыл өкмөтү боюнча калктын саны Байгөнчөк айылын кошкондо 1800 калк жашайт. Ошого байланыштуу Үгүт айылындагы 8 кварталдан 13, ал эми Байгөнчок айылынын 6 кварталынан 7 делегат көрсөтүлдү. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Темирбек уулу Эркинбектин айтканына караганда жыйындарды өткөрүү тартиби жана курултай тууралуу элге толук маалымата берилген.
Делегаттарды көрсөтүү жыйындар өт үп жатат
“Айылыбыз үчүн күйгөн, бирок сыртта жашаган биздин айылдын тургундары дагы делегат болуп көрсөтүлүп жатат. Курултайда негизги маселе катары-айылды тоолуу аймак макамына киргизүүнү сунушташты. Албетте мындан башка дагы ички жаңы конуштарга таза суу киргизүү, жарыктандыруу, ФАП куруу, таланып-тонолуп жок болуп кеткен Байгөнчөк айылындагы кирпич заводду ишке киргизүү өңдүү маселелер бар”,- дейт кеңештин төрагасы Эркинбек Темирбек уулу.
Ал эми Терек айыл аймагындагы өткөрүлгөн жыйында жашоочулар Терек-Сай каналына БСР (күнүмдүк жөнгө салуу бассейни)куруу жана Терек-Баетов жолуна асфальт төшөө сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүнү сунушташты.
Эске салсак, Элдик Курултай 25-ноябрда өтөт. Ага ар бир айыл өкмөттөн экиден делегат катышат.
Барчын Мамытбекова