Англис тили дүйнөлүк тил деп эсептелингендиктен учурда жаш-кары дебей бардыгы бул тилди үйрөнүүгө кызыкдар. Төмөндө англис тилин үйрөнүү үчүн бекер колдонууга мүмкүн болгон тиркемелерди сунуштайбыз.
1. «Duоlingo» тиркемеси
Англис тилин үйрөнүү үчүн ыңгайлуу акысыз тиркеме. Бул тиркемеде англис тилин үйрөнүү оюн түрүндө окутулат. Бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүү үчүн атайын тапшырмалар берилет. Эгерде суроолорго туура эмес жооп берсең, упайлар кемитилет.
2. «Hello Talk» тиркемеси
Бул тиркеме жаңы өздөштүрүп жаткан тилди практика жүзүндө колдонуу үчүн мүмкүнчүлүк берет. Учурда бул тиркемени 2 миллиондон адам колдонот. Тиркеменин жардамы менен дүйнөнүн ар тарабынан досторду таап, башка тилде маектешсе болот.
3. «Drobs» тиркемеси
Тиркеменин жардамы аркылуу кандайдыр бир темага тиешелүү сөздөрдү үйрөнө аласыз (ар бир тизмеде 2600дөн ашык сөз бар), алар күнүмдүк жашоодо колдонулуучу создөрдүн 90% камтыйт. Тиркеменин өзгөчөлүгү ар бир жаңы сөз иллюстрацияланган, ошондуктан колдонуучуга визуалдык эстеп калууга жакшы жардам берет.
4. «Полиглот-16» тиркемеси
Тиркемедеги 16 сабак англис тилин базалык деңгээлде өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Күн сайын жок дегенде 15 мүнөт окууга бөлүү менен, сиз грамматиканын эрежелерин үйрөнөсүз, керектүү минималдуу сөздөрдү жаттайсыз жана англис тилинде эркин баарлашуу үчүн сөздөрдүн жардамы менен сөз айкаштарын түзүүнү үйрөнөсүз.
5. «Memrise» тиркемеси
Бул тиркеме абдан дүйнө коомчулугунда абдан популярдуу. Себеби, тиркемени күн сайын он миллиондон ашык адам колдонот. Тиркеме англис тилин кызыктуу, көңүлдүү үйрөнүүгө багытталган. Жаңы сөздөрдү оңой эстеп калууга мүмкүндүк берген адаттан тыш оюн ыкмасы бар колдонмо катары эсептелинет. Тиркемени Play Мarket же App Store дон жүктөп алса болот.
Ынтымак Таштанов