Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы 8-классынын окуучусу Назик Нурланова үч жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Назик керектөөдөн чыккан буюмдарды, кездемелерди колдонуп жаңы буюм жасайт.

Назик Нурланова
Назик керектөөдөн чыккан буюмдарды кайрадан жаңылап, сувенир, белектердин түрлөрүн жасап келет.
«Мен 5- класстан бери кол өнөрчүлүккө абдан кызыгып келем. Ошол себептен мектепте Гүлзада Жангазиева эженин ийримине жазылып катышып келем. Мен кичинекей кезимден баштап эле телевизордон, телефондон ар кандай жөнөкөй кездемелерден жарактуу нерселерди жасагандарды көрүп калгам. Ошондон баштап ийне кармаганды үйрөнүп, кызыгып баштагам».

«Мен ар кандай гүлдөрдү, оюнчуктарды, керектен чыккан кездемелерден куурчактарды, көрсөтмөлөрдү жасай алам. Өзүм жасаган куурчактарды, гүлдөрдү бөбөктөрүмө же болбосо сабакка деле досторума белек кылып берем. Буюрса кол өнөрчүлүктү токтотпойм, уланта берем»,- дейт Назик Нурланова.
Назик мектепте Гульзада Жангазиева жетектеген «Чебер колдор» ийриминде катышып келет. Ийримде кыздар керектөөдөн чыккан буюмдардан белектердин түрлөрүн жасап сатышат. Ар түрдүү колдонулбай калган кездемелерден курактарды курап, паннонун түрлөрүн да жасашат.
Айжан Турдубекова