Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө коңшулаш айыл Чекилдек айылы кошулду. Ошондой эле айыл өкмөтү алмашып, өкмөт орун басары аттуу жаңы штат дагы түзүлдү.
Эрнис Макишов Чолпон айыл өкмөтүнүн жаңы дайындалган башчысы:
«Айыл өкмөтү болуп дайындалганыма 1 айдын аралыгы болуп калды. Чолпон айылы көптөгөн айылдарды камтыйт экен эли көп, жери кенен чоң айыл экен. Мен келгенден бери айылдагы элдер, мал чарбачылык, ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка нерселер менен акырындык менен таанышып жатам. Көйгөйлөрү болсо келип айтып, кеңештерин берип жатышат. Кезектеги пландалган иштерди мүмкүнчүлүккө, каражатка, ресурска жараша иш жүргүзөлү деген ойдо турабыз. Четинен пландалган иштерди колдон келишинче жүргүзүп жатабыз. Чолпон айыл өкмөтүнө коңшулаш айыл Чекилдек айылы кошулду. Чекилдек айылы өзү таза айылдардын бири экен. Мектеби, бала бакчасы, клубу, китепканасы, ооруканасы, жана башка көптөгөн мекемелери бар. Чекилдекте көбүнчө мал чарбачылык, дыйканчылык менен оокат кылышат.
Кыргызда илгертен калган макал бар эмеспи «Жаздын бир күнү бир жылга тете». Жаз мезгилинде дыйкандар тынымсыз кыймылдап, жер айдоо, эгин эгүү көчөттөрүн отургузуу ж.б жумуштары менен көркүнө чыгарат. Бул жакта бир гана көйгөй бул суунун жетишсиздиги. Бир жыл менен бир жыл окшобойт экен климаттын өзгөрүшүнөн улам суу тартыш болуп атат. Баарыбыз эле сугарып жер айдап түшүм алганга аракет кылабыз. Бул көйгөйдү айыл башчы, тийиштүү кызматкерлер менен бирдикте көзөмөлдөп күнүгө маалымат алып жер айдаганга, сууну убагында сугарганга аракетибизди жумшайбыз. Быйыл жаз кеч келип чөптүн өсүшү жай, жер кургак болуп климатка байланыштуу болууда. Жашообузда көбүнчөсү дыйканчылык жана мал чарбачылык малдын көбү азыркы учурда арык чөп жок же болбосо кымбат.
Орун басарым мен командировкага же болбосо расмий жумуштар менен кетсем менин жоктугумду билгизбей кадимкидей өзүнө укуктуу иштерди аткарып иш жүргүзөт. Азыркы күндө айыл өкмөт орун басары, жооптуу катчы, сектор башчы, бөлүм башчы жана башка деген штаттарыбыз жаңы схема менен түзүлүп толук бекиди. Өздөрүнүн жумушун толук аткарганга, бекиген орундарына айлыгыбызды актап алалы, элге таза кызмат кылалы деп колдорунан келишинче кызматтарын кылышууда. Мен болсо жетекчи катары талап кылам. Баарыбыз ынтымактуу түрдө иш кылабыз. Келечекте эл тынч, жылыбыз жакшы болсо бүтүп келе жаткан мектептерди ишке берип, айылдагы таза сууларды аягына чыгарып, бүтүрүп, жакшы садиктерди салып, эски имараттарды жаңы салып же болбосо оңдоп, суу жетпеген жерлерге суу чыгарып, Чолпон айылына жакшы ишканаларды тургузсакпы, кичинекей балдар ойной турчу аянтчаларды, көчөлөрдүн баарына жарык койсокбу деген буюрса жакшы пландарыбыз бар. Калганын болсо акырындык менен баарын кылабыз.
Жаш муундар дагы жакшы жетишкендиктерге жетип, көптөгөн сынактардан жеңип сыйлыктарды алып келип турсаңар силерди биз дагы колдоп атыңарды алыска чыгарып турсак. Ар бир кызматкер чын дили менен ишин алып баруусун каалайм. Чолпондун келечеги кең. Чолпонду колдошубуз керек. Келечек жаш муундардын колунда».
Айчүрөк Сапаркулова