Суусамыр айыл аймагынын тургуну, студент Бекжан Джаныбеков “КМШнын мыкты студенти 2021” сынагынын жеңүүчүсү болуп тандалды. Сынак 3 жылдан бери «Бөбек» эл аралык ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келет.
Бекжан Джаныбеков сынактагы талаптар тууралуу төмөндө айтып өттү:
«Долбоор Казакстандын илимпоздор конгрессинин колдоосу менен «Бөбек» улуттук кыймылы» ассоциация тарабынан уюштурулган. Сынак жыл сайын уюштурулуп келинет. Сынакка илим, спорт, көркөм жаштар уюмдары, багыттары боюнча студенттер катыша алышат. Жеңүүчүлөргө биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдор ыйгарылат.
Мен дагы эл аралык сынактын жарыясын көргөндөн кийин, өмүр баянымды, өздүк маалыматтарымды жазып керектүү документтерди тез арада сынактын уюштуруучуларына жибердим. Жиберилген маалыматтын бардыгы талапка жооп берилгендиги такталып. Май айы мага билдирүү жиберишти. Билдирирүүдө бардык жетишкендиктерим талапка туура келип, канаттандыраарлык деп табылып, «КМШнын мыкты студенти 2021» сынагынын женүүчүсү болуп тандалдым».
Мындан тышкары, Бекжан Джаныбеков окуусунан тышкары да коомдук иштерге активдүү катышып, өз айылын өнүктүрүү үчүн аракеттерди жасап келет. Ал «Суусамыр өнүктүрүү» коомдук фондунун төрагасы катары да кызмат кылат:
«Суусамыр өнүктүрүү» коомдук фонду 2020-жылдын 28- февралда түзүлүптүр, иштебей тургандыгына байланыштуу быйылкы жылдын март айында биз алып, ичиндеги мүчөлөргө өзгөртүү киргиздик. Көптөгөн пландарды түзүп, иш алып барып баштаганбыз. Документ боюнча 12 адам фонддун ишин алып барат. Фонддун максаты социалдык, экономикалык тармактан айыл жергесине пайдалуу иш аракеттерди кылуу. Учурда карантин болуп жаткандыгына байланыштуу фонддун иштери токтоп турат. Анын үстүндө фонддун мүчөлөрү жайкы эс алууда болгондуктан, күзгө чейин иштерибизди токтотуп койгонбуз. Сентябрь айынан тарта ишибизди жандандырып иштеп баштайбыз».
Айдана Токтобекова