2024-жылдын 29-августунда «Билим берүүгө 100 жыл: Трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор» аталышында Кочкор районунун билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмеге Кочкор районунун акимдин орун басары Бермет Абдырахманова, райондук билим берүүнүн ардагерлери, билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун райондук комитетинин төрагасы жана билим берүү кызматкерлери катышты.
Кочкор районунун акимдин орун басары Бермет Абдырахманова
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев «Билим берүүгө 100 жыл: Трансформациялоо, чакырыктар жана жаңы горизонттор» тууралуу кеңири маалымат берди. Андан соң Кочкор районунун акимдин орун басары Бермет Абдырахманова, ардагер мугалимдер, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Зарылбек Табылдиев жана мектеп директорлор куттуктоо сөздөрүнөн кийин докладдар окулуп, калоо тилектер айтылды.
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев
Жыйынтыгында август кеңешмесинин резолюциясы кабыл алынды.
Август кеңешмесинин катышуучулары
Нурия Карымбаева