3-март күнү Молдо-Кылыч айылындагы Убайдылда Малтабаров мектебинде «Улуттук нарк-дүйнө жаны менен бир» деген темада интеллектуалдык оюну өттү.
«Билим кенч, эмгек анын ачкычы» дегендей көөнөрбөс билим аркылуу бийиктикке жетебиз. Ойлогон максаттарга, ийгиликтерге жетүү үчүн талыкпаган эмгек керек. Оюнда окуучулардын билим деңгээли, логикалык ой жүгүртүүсү дүйнөгө болгон көз карашы жана билимге болгон жөндөмдүүлүгү кеңири текшерилди. Жалпысынан 12 топ катышып, 10 категория дагы суроолор берилди.
Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектебинин жалпы тарбия билим берүү иштеринин уюштуруучусу Айдай Сулайманова: «Улуттук нарк-дүйнө жаны менен бир» деген интеллектуалдык оюнун уюштуруп жатабыз. Бул Кыргыз Республикасынын жарлыгынын жана улуттук нарк баалуулуктарын сактоо, коргоо программасынын негизинде өткөрүлүп жатат. Оюн жогорку деңгээлде өттү. Эң негизгиси мектеп окуучуларынын билим сапатын текшерүү, билим алууга багыттоо. Бул таймаш мектепти окуп бүтүп кеткен окуучуларыбыз тарабынан жетектелинди».
Убайдылда Малтабаров мектебинин мугалимдер жамаатты бул оюнду мыкты деңгээлде уюштурушту. Оюндун жүрүшүндө тыныгуу маалында ыр-күүлөр менен коштолду жана көргөзмө куралдар өтө чеберчилик менен жасалган.
Максат Жанышов: «Бүгүнкү күн көптөн бери пландалып келе жаткан. Ушундай таймаштар буга чейин бир канча жерлерде болгон. Алардын бири Ат-Башыда, Бишкек шаарындагы лицейлерде. Азыркы учурда өзүбүздүн туулуп өскөн айылыбызда болуп жаткандыгына кубанычтамын. Ошондой эле оюндун эң негизги максаты балдарга жөн эле китеп, диплом, кубок берүү эмес. Балдардын баарына китеп белек кылып, китеп окууга шыктандыруу, билим алууга үндөө, изденүүгө үйрөттүү. Таймаш бир канча дөмөөрчүлөрдүн аркасынан ишке ачып жатат. Дал ушундай оюндар ушуну менен чектелип калбайт, дагы алдыда көп-көп болот деген ишеничтемин».
Таймаштын аягында жеңүүчүлөр аныкталып, Гран-прини Ара-Көл мектеби, биринчи орунду Убайдылда Малтабаров, экинчи орунду Сайнап Жунушалы кызы, үчүнчү орунду Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектептери ээлешти.
Асема Сүйүндүкова