Ак-Талаа районунда ысырапкорчулукту жоюу боюнча жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров балдарга туура тарбия берүү боюнча насааттарды айтып, жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусунун негизги себептеринин бири-эркек да, аял да укуктарынын билбегендиги деп баса белгиледи.
“Акыркы учурларда жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу абдан көбөйүүдө. Статистикалык маалыматтарга карасак, мындай көрүнүш 34% түзөт. Негизги себеби-түшүнбөстүк, бири-биринин укуктарын билбегендиктен, билсе дагы сыйлабагандыктан жана келген келинге туура эмес жасалган мамиледен улам келип чыгууда. Бул баарыбыз үчүн көйгөй болуусу керек. Балдар, жетим аялдар жесир калып, таштанды чукуп калганы дагы жок эмес. Азыр үй-бүлөлөрдө балдарды чоң ата, чоң эненин асыл насааты эмес, телефон тарбиялап калды. Аны максаттуу эмес колдонуп жатабыз. Балдар ата эне тарбиясына, айрыкча эненин тарбиясына муктаж. Анткени коомду эне тарбиялайт, алар коомдун тарбиячысы болууга жаралган. Ал эми нике бөтөн эки кишинин мамилесин адалдаштыруу, талак ошол адал мамилени арамдаштыруу. Ажырашуу албетте болбосун, бирок талак айтуу милдет эмес”,- деди ал.
Барчын Мамытбекова