Акталаа районунда Манас таануу» таймашын жана Жаш манасчы кароо-сынагынын райондук турун өткөрүлүп, ага жалпы 36 топ катышты. Райондук билим берүү бөлумүнөн алынган маалыматка караганда райондогу 18 орто мектепте “Манас таануу” боюнча 60 топ иш алып барат.
Интеллектуалдык оюн улуу Манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча өтүлүп, суроолор жана тапшырмалар үчиликтин негизинде түзүлгөн. Жыйынтыгында 1-орун Ш.Бейшеналиев инновациялык орто мектебинин «Зайыппуруш» тобу, 2-орун А.Турдакунов орто мектебинин «Ария» тобу, 3-орун Э.Мейманов орто мектебинин «Манас» топтору камсыздашты.
Ал эми «Жаш манасчы» кароо-сынагына жалпы 100 дөй окуучу катышып райондук турга 39 окуучу ат салышты. 1-орунга Э.Карасартов орто мектебинин окуучусу Жыргалбеков Темирулан, 2-орун А.Турдакунов орто мектебинин окуучусу Казыбеков Иса жана 3-орунду Б.Календеров орто мектебинин окуучусу Акай уулу Аскар жеңип алды.
Мындан сырткары, ошондой эле чет тилдер багыты боюнча 1-орунду Н.Жыргалбекова орто мектебинин окуучусу Камила Бактыбекова, 2-орун Н.Жыргалбекова орто мектебинин окуучусу Сезим Карбосова, ал эми 3-орунду Э.Мейманов орто мектебинин окуучусу Азамат Алимбаев багындырышты. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан медалдар жана дипломдор менен сыйланышты, ошондой эле облустук турга катышууга жолдомо алышты.
Барчын Мамытбекова