Ат-Башы районунда жергиликтүү калктын кѳпчүлүгү мал чарбасы менен алектенет. Бирок малдын кѳбѳйүшү жаратылышка канчалык дэңгээлде зыянын тийгизип жатканын, жылдан –жылга жайыттардын азайышы, жер кыртышынын бузулушу менен байкасак болот. Дагы кѳптѳгѳн экологиялык кѳйгѳйлѳр жѳнүндѳ бизге Биология институтунун изилдѳѳчүсү Аскар Даулетбеков Ача-Кайыңды айылына келген сапарындагы байкоосунда айтып берди.
Өзүм жөнүндө…
-Мен ѳзүм Биология институнан келгем жана биологмун. Менин Ат-Башы регионуна келгенимдин максаты – айлана-чѳйрѳ менен эмне болуп жатканы менен таанышуу, жаратылышка кандай коркунучтар жана күч келип жатканын билүү, жана анын чечүү жолдорун изилдѳѳ.
Биолог Аскар Даулетбеков Ача-Кайыңды айылында
Мен бул жердин элдери менен сүйлѳшүп, жерлерин, жаратылышын кѳрдүм. Ат-Башы районунун климаты ѳзгѳчѳлѳнгѳн микроклиматка ээ. Бул жердин жаратылышы абдан бай десем жаңылбайм, бул жерде жайылма токойлор абдан кѳп, кѳптѳгѳн жаныбарлардын, ѳсүмдүктѳрдүн (дары чѳптѳрдүн дагы) жана канаттуулардын түрү кездешет. Андан тышкары бул жерде суунун ресурстары дагы абдан кенен.
Бирок жергиликтүү эл кѳбүн эсе мал чарбасы менен алектенгендиктен, жаратылышка абдан чоң коркунуч бар. Мал жандыктары абдан кѳп санда болуп баштаганда сѳзсүз түрдѳ жайыттар жетпей баштайт, жайыттар жана токойлор деградация боло баштайт. Адамдар токойду жайыт катары дагы, отун катары дагы колдоно берсе эч нерсе калбай калат. Ал эми токойлор экосистеманын эң маанилүү бѳлүгү, мындайча айтканда адамдын ѳпкѳсү катары кабыл алсак болот: кѳмүр кычкыл газын сиңирип, бизге керек кычкылтекти бѳлүп чыгарат.
Эми канткенде жаратылыша азыраак күч келтирсе болот?
Биринчиден жаратылышка күч келтирбеш үчүн алгач жергиликтүү калк кѳбүрѳѳк агрокультура жаатында иштерди алып барышы керек. Мисалы, Ача-Кайыңды айылында ар кандай дыйканчылыкты колдой турган кѳптѳгѳн долбоорлор иштейт экен. ПРООНдун ар тараптуу долбоорлору жана чыны карагатты ѳстүрүүчү жакшы долбоорлор бар экен, себеби карагатты эл ѳзү айдап тоодогу карагатка тийбей койсо, бул жаратылышка чоң жардам. Андан тышкары ит мурунду, чычырканакты, дары чѳптѳрдү айдап койсо болот.
Эл дагы малды тандап багышы керек.
Мисалы, 1000 койдун ордуна 100 породасы жакшы койду бакса, кѳбүрѳѳк пайда болмок, жаратылышка күч келбейт, азыраак жумуш, пайдасы бирдей эле болмок. Мени таң калтырган жери Ача-Кайыңды айылында бардыгын ѳстүрсѳ болот экен. Кулпунай, малина, алма бакты дагы ѳстүрсѳ болот экен.
Жергиликтүү эл картошка ѳстүргѳнгѳ абдан ыкташып алышкан, албетте бул жакшы, бирок картошканы айдаганда пестициданы кѳп колдонушат, биринчиден жер кыртышы бузулат, жана кээ бир жаныбарлардын түрү жоголот, курт- курмурскалардын түрү жоголот, аны менен кошо алар менен азыктанган канаттуулар дагы азаят, бакалар дагы жоголуптур, мен 90-жылдары келгенде бакалар абдан кѳп болчу азыр жок экен, же аябай аз санда.
Бул биоартүрдүүлүктүн жоголушу- бул чоң проблема, кадимки чынжырча менен салыштырса болот, бир ѳсүмдүк жоголсо аны жеген бир канаттуу, аны жеген бир жаныбар жок болуп отуруп, кѳп түрдүүлүк азаят. Бул нерсе абдан коркунучтуу. Бул кѳйгѳйлѳр бардык жерде бар, бирок биз аны ѳзүбүз ойлонуп, ѳзүбүздѳн башташыбыз керек.
Ача-Кайыңдынын тоолорунда
«Көөнөрбөс мурас» фондуна ыраазычылык билдирем…
Мен бул жерден Бегайым Мурзалиева жетектеген “Кѳѳнѳбѳс мурас” коомдук жамааты менен тааныштым. Бул фонддун максаты- аталган аймактын биоартүрдүүүлүгүн сактоо боюнча иш алып баруу экен. Мен мындай фонддун бар экенине абдан кубандым, себеби азыркы учурда мындай иштерди чындап күйгѳн адам гана жасайт. Ѳзгѳчѳлүгү- балдар менен мектепте иш алып барганы, себеби ѳсүп келе жаткан бардарды азыртадан жаратылышты сактаганга үйрѳтүшүбүз керек.
«Көөнөрбөс Мурас» фондунун жетекчиси Бегайым Мурзалиева менен
Туризмди да өнүктүрсө болот…
Ат-Башы районунда туристтик жаатында дагы ѳнүктүрүүлѳр керек. Мисалы Ат-Башы суусунун жээгинде орок тумшуктар бар, Тянь-Шань тоолорунда Орок тумшук кѳп деп эсептелет, Европадан келген туристтердин бардыгы бул канаттууну кѳргүсү келет, жана ушундай нерселер менен аларды кызыктырса болот. Биринчиден бул канаттуунун санын кѳбѳйткѳнгѳ аракет кылынмак, экинчиден туристтерге дагы кызыктуу болмок.
Эң башкысы адамдардын аң- сезими оңолушу керек, жаратылыштын дагы ресурстары түгѳнѳрүн унутпашыбыз керек. Жана анын сакталып калуусуна ар бирибиз жардам бере алабыз.
Ат-Башыдагы ит мурун бадалы селдин, кар көчкүнүн алдын алат
Асель Уркунбаева