БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондулары тууралуу маалыматты чыгарды. Анда, партияларга каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилген. Ага ылайык, партияларга кайсы булактардан акча түшкөн жана алар эмнеге коротулганын көрүүгө болот.
Ал эми шайлоого карата эң көп каражат топтогон алдыңкы 7 партия төмөндөгүлөр:
1. «Биримдик» – 97 млн 399 миң сом;
2. «Мекеним Кыргызстан» — 94 млн 180 миң сом;
3. «Кыргызстан» — 71 млн 579 миң сом;
4. “Ата-Мекен” – 41 млн 400 миң сом;
5. «Замандаш» — 36 млн 510 миң сом;
6. «Бир Бол» — 34 млн 189 миң сом;
7. “Республика” – 21 млн 821 миң сом.
16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсүн 3кө бөлүп кароого болот:
1. Партиянын өздүк каражаты
2. Талапкердин жеке каражаты
3. Ыктыярдуу кайрымдуулук
Партиянын өздүк каражаты көп болгон тизменин сап башында «Мекеним Кыргызстан» турат. Бул партиянын өздүк каражаты катары 85 млн сом көрсөтүлгөн. Ал эми, партиядагы талапкерлердин жеке каражаты боюнча чогултулган сумманын жыйынтыгы менен «Биримдик» партиясы алдыңкы сапта. Партия өкүлдөрү 64 млн 900 миң сом чогулткан. Мындан тышкары, көпчүлүк партиялардын ыктыярдуу кайрымдуулуктан түшкөн акчалары да бар. Ал төмөндөгү инфографикада жашыл түс менен көрсөтүлгөн.
БШКнын маалыматына ылайык, төмөндөгү каражаттар 11-сентябрга чейин партиялардын кеңселеринин ижара акысы, үгүттүк жарнамалык материалдар , кызматкерлерге айлык акы, футболка жана календарь ж.б нерселерге коротулган. Жалпы 16 саясий партия тарабынан коротулган жалпы сумма 441 млн 568 миң сомду түзөт.