Жакында эле Борбордук Шайлоо Комиссиясына Жогорку Кеңештин бир мандаттуу 36 шайлоо округдарынан өзүн-өзү көрсөтүү ниетин билдиргендердин саны 381 болгон.
Арыз бергендердин 349 – эркектер жана 32си – аялдар. Атап айтканда аялдардын саны 10% га да жетпейт.
335 талапкер документтердин толук топтомун берди, ал эми 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
Алардын ичинен №15 Базар-Коргон, №7 Ош, №25 Аламүдүн, №16 Ноокен шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн аялдар арыздарын кайтарып алышты.
Эмне үчүн?
Калыптанып калган салттарыбызды – аялдын орду көбүнчө үйдө, балдарына тарбия берүү дешип жашап келишет. Андан сырткары элдин менталитети бар, көбү «эркек башкарышы керек», «эркек алдыда болушу керек» деп турат. Мындай түшүнүк менен аялдарга шайлоого баруу өтө кыйын. Туура эмес түшүнүктөр аялдардын саясатка келишине терс таасирин тийгизди. Ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкердин шайлоо фондун төлөөгө келгенде жана аялдарга караганда эркектерде мүмкүнчүлүк көп экендигин баса белгилешет.
Мындай окуялардын экинчи ирет кайталануусу өкүнүчтүү.
Мисалы, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңешке «Биздин Кыргызстан» жана “Ата –Журт Кыргызстан” партиясы добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлердин катталган тизмесиндеги депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечими менен 38 аял талапкерди чыгарып салган. Аталган партияларынан 77 киши ордун бошотсо, алардын 69у айым талапкерлер болчу.
Адистердин айтымында аялдардын шайлоого аз катышуусуна социалдык көйгөйлөр: миграция, жумушсуздук, коомдогу стереотиптер терс таасир эткендигин белгилешет.
Жергиликтүү кеңештин депутатты Гүлнар Орозбаева:
”Кандай иш кылып жүргөнүмдү айылдагылар билет. Жаңы депутат болгондон кийин бардык нерсени жасайм деп ойлонгом. Бирок, сессияга баргандан кийин башкача болот экенсин. Мурунку чакырылышта иштегендер аялдарга бөлүнгөн квотага аябай эле каршы болушту. Эмне үчүн аялдар менен эркектердин ортосунда тең укуктуулук деп. Айрым жергиликтүү коомчулукта эркектер каршылык көрсөтүшүп, шайлоо бүткөндөн кийин сотко чейин барышты.
Анын баарын артта калтырып, айыл үчүн көйгөй болгон маршрутка маселесин чечип берсемби деп турам. Айылды айланып өткөн маршруттук каттамдар бир канча элдин убактысын коротот. Ошон үчүн айылды аралап жүрсө болот экендигине көзүм жетти. Биздин айыл тургундарына абдан жеңил болмок 4 жылдык мөөнөттө депутат катары аткарып алсак мен чоң иш жасадым деп ойлойм.”
Жергиликтүү кеңештин депутаты Дооронкулова Гулзат Ноокат районунан Бел айыл өкмөтүнүн Чучук зонасынан, аялдардан жалгыз өзүм койгонун айтат. “Талапкерлигимдин коюшума түрткү болгон менин күйөөм болду. Чынында абдан көп ойлондум. Бирок элим мени аябай колдоп, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнүмдү эске алышып, добушун беришти. Ошондуктан алардын үмүтүн актап, аймактын өнүгүшүнө салымымды кошом деген ниеттемин.”
Кыргызстанда аялдардын саны 3300000 ден ашуун. Тагыраагы шайлоочулар 52% түзөт. 2021-жылдын 28-июлунда парламент үч окууда кабыл алган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен преференциалдык ыкма аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
Партиялык тизмеде аялдардын 30% квотасы сакталган. Тактап айтканда, бир партияга парламенттен 10 орун тийсе, анын 3 мандаты аялдарга берилиши керек. Ошондо, беш-алты партия жеңип келген шартта парламентке 15-20 аял депутат боло алат. Ал эми бир мандаттууларга квота каралган эмес.
Журналист Айжан Омолдошова (азаттыкка берген маегинде) №32 Кочкор округунан арыз тапшырды. Ал бир мандаттуу округдардан талапкер болгон аялдарга квота каралбай калганын белгиледи.
«Партиялык тизме менен бара жаткан аялдардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Бир мандаттуу округдардан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз тапшырган аялдар үчүн эч кандай квотанын каралбай калганы биз үчүн жеңил эмес. Эркектер менен бирдей күрөшүп, чоң тобокелге барып жатат. Ошондуктан аялдар аз болуп атабыз деп ойлойм. Мыйзамда бир мандаттуу округдан эркек талапкер мынча добуш, аял талапкер мынча добуш алышы керек деген норма болсо болмок».
Жеке ишкер Нурматов Өмүрбек:
“Ачыгын айтканда конкреттүү саясатты сурай турган болсоңуз аялдардын саясатка келгени жакшы. Учурда парламентте айымдардын орду жокко эсе. Анткени парламентте аялдардын квотасы менен аялдардын ордун эркектер ээлегени анык. Саясий айдыңда аялдардын орду бар. Себеби социалдык маселелерди көбүнчө эркектерге караганда аялдар жакшы түшүнүшөт. Бизде көбүнчө коомдук иштер оор акыбалда. Мисалы мектеп, бала бакча, оорукана жана башкалар. Ошолорду чечкенге аялдардын Жогорку Кеңешке депутат болуп келгени абдан жакшы. Бирок, менин оюмча бир мандаттуудан аял кишилерге андай мүмкүнчүлүк жок. Бул жерде квота деген болбойт. Партия менен болсо ар бир кишинин үчүнчүсү аял болушу керек деген.”
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады.
Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер. Алардын ичинен 669 (64%) – эркек, 377 (36%) – аял. Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтүп, бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу эске алынды.