Бишкек шаарында 24-25-майларда генерал-майор Темиркан Субановдун урматына арналып кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат болуп өттү. Ага өлкө боюнча 12 команда ат салышып, таластык балбандар командалык эсепте 1-орунга ээ болушту.
Кыргыз Ресбуликасынын ИИМи тарабынан уюштурулган кыргыз күрөшү боюнча чемпионатк өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 12 команда ат салышты. Мелдеш жети салмактык категория боюнча өттү. Талас облусунан 7 балбан катышып, командалык мелдеште 1-орунга ээ болуп, ийгилике жетишти.
“Талас ички иштер башкармалыгынын атынан 7 кызматкер катышып келишти. Мелдеш биз үчүн өтө жемиштүү болду. Себеби 7 балбаныбыздын арасынан алты катышуучусу байгелүү орунга ээ болуп келишти. Республикалык командалардын арасынан 1-орунга ээ болдук. Алардын ичинен милициянын майору Ботбаев А. (алтын медал), милициянын ага-лейтенанты Манапбаев У. (алтын медал), Сыдыгалиев М. (алтын медал)», — деп билдирди Талас ИИБнин башчысы, милициянын полковниги Касымбаев И.Т.
Акыркы жылдарда бул чемпионат Талас облусунда өтүп келүүдө. Төрт жыл катары менен Таластын курама командасы 1-орунду ээлеп келет. Бул тууралуу милициянын майору А. Ботбаев:
“Бул ирет экинчи курама командасы барды, балдар жакшы күрөшүп 1-орунду алдык. Намысты коргоп, утуп келдик”, — деп айтып өттү.
Чемпионаттын жабылыш аземине Динара Субанова жана Веста Субанова катышып, байгелерди тапшырышты.
Даярдаган: Кубанычбекова А.