Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова тарабынан Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен 15-ноябрдан -15-декабрга чейин — «Биз биргебиз»- акциясынын алкагында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча микротренинг өткөрүлдү.
Микротренингге жалпы 60 адам, мунун ичинен 36 адам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аларды тейлеген тиешелүү мекеме-ишканалардын ɵкүлдɵрү, жеке ишкерлер, социалдык кызматкерлер, коомдук уюмдардан катышышты.
Ошондой эле микротренингге чейинки жана микротренингден кийинки тесттер толтурулуп, тренинг суроо-жооптор менен коштолду.
Семинардын катышуучулары тарабынан тренерге терен ыраазычылык билдиришти, семинардын жыйынтыгында муктаж адамдардын маселесин чечүүгɵ ар тараптуу мыйзам чегинде жардамдар кɵрсɵтүлɵрүн жана жергиликтүү маселелерди бирге чечүү жагы сунушталды.
Анара Мааметова