Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде тайпалар арасында «Биз коррупцияга каршыбыз!» темасында тарбиялык иш чаралар өткөрүлдү. Мугалим устаттардын чыгармачылыгы менен өткөрүлгөн «Биз коррупцияга каршыбыз!» тарбиялык сааты окуучулардын коррупция боюнча түшүнүгүн калыптандыруу максатында ишке ашты.
Кесиптик лицейдин окуучулары коррупциянын тарыхы, ар кайсы мезгилде ага каршы күрөш, ар кайсы өлкөлөрдө ага каршы жүргүзүлүп келгени, коррупциянын адамдарга тийгизген таасири жана мыйзамда кандай чагылдырылганы тууралуу маалымат беришти. Окуучуларга алдын ала сүрөт тартуу сынагы жарыяланып, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Тарбиялык сааттын жүрүшүндө, окуучулар турмуштагы мисалдарды келтиришип, берилген суроолорго жооп берип, талкуулашты. Андан сырткары коррупция боюнча өз ойлорун айтышып, коррупция менен күрөшүү бир гана мамлекеттин эмес, ар бир жарандын иш аракети болуш керектигин билдиришти. Тарбиялык сааттардын жыйынтыгында окуучулар «Биз коррупцияга каршыбыз» темасында видео роликтерди тартышты.
Турсун Омуралиева