Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде «Тигүүчү» кесибинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар окушат. Тигүүчүлук өнөргө кызыккан бул окуучулардын дээрлик көпчүлүгү алыскы аймактардан келген балдар. Учурда алар тигүүчү машинкаларда түз тигиштерди тиккенди өздөштүрүп калышты. Өндүрүштүк окутуу сабагында, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында, чүпүрөктүн кыркындыларынан окуу кабинеттерине доска сүргүчтөрдү, окуучулар тамактануучу ашканага туткучтарды, отургучтарга төшөктөрдү тигишүүдө.
Турсун Омуралиева