Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде «Ашпозчу-кондитер» кесибинин окуучулары менен өндүрүштүк окутууда кондитер азыктары боюнча ачык сабак өткөрүлдү. Бирок бул сабактын өзгөчөлүгү, келечектеги ашпозчулардын коопсуздук эрежеси жана гигиенасы болду. Бүгүнкү сабакта окуучуларга чыныгы ашпозчу болуудан мурда, гигиена жана тамак-аш коопсуздугун үйрөтүү жөнүндө кеп кылмакчыбыз.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин устаты Динара Абакова: «Келечекте боло турган ар бир ашпозчу, мындай эрежелерге олуттуу мамиле жасоо керектигинин маанисин түшүнүү керек. Тазалык эрежесин сактабаган ашпозчу кардарлардын ден соолугуна коркунуч жаратат. Тамак-ашты атайын униформа кийип алып жасоо, фартук, атайын бут кийим, баш кийим, гигиеналык кол каптар болуусу шарт. Тамак-аш даярдоого киришүү алдында колду 20 секунддан кем эмес самындап жууп, тырмактар кыска болуу керек».
Азыктарды жууп-тазалоо, аарчып, тамак бышып жатканда бир кашык менен бир гана жолу даамдап көргөн жакшы. Бул гигиенадан тышкары ашпозчунун профессионалдуулугун көрсөтөт. Ошондуктан ар бир сабак өтүүдө дайыма тыкан идиште салынган таза кашыктар болгон жакшы. Бычактарды таза жана кургак кармоо. Ал эми сактоого алынган азыктардын бардыгын маркировкалоо эрежесин билүү керек. Маркировкада азыктын атын, жана сактоого алынган датасы, сааты жазылат.
Жумушчу столдун үстүн колдонгондон кийин жууп-тазалап, антибактериалдык каражат менен дезинфекциялоо керек. Ашкананы күн сайын тазалап-жуу иштерин жүргүзүү талап».
Окуу планынын негизинде «Ашпозчу-кондитер» кесибинн окутууда, расписание боюнча жумасына 2 жолу өндүрүштүк окутуу сабагы коюлат. Келечектеги жаш ашпозчулар ар бир сабакты кызыгуу менен өтүшүүдө. Окуучуларга өзгөчө топтор менен иштөө, уюштуруу иштери кызыктуу болууда.
Турсун Омуралиева