Талас шаарындагы Кызыл Ай коомунун жыйындар залында Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү долбоорунун «Биз- теңчилик муундун өкүлүбүз» аттуу пресс-кафеси өткөрүлдү.
Пресс-кафеде Бакай-Ата районунун Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Талас районунун Көк-Кашат айылдарынан жана Талас шаарынан долбоорго катышкан муундар аралык топтордун өкүлдөрү жеке жашоосунда, үй бүлөсүндө өзгөрүүлөргө жетишкендиктерин ортого салышты. Карапайым эл арасынан чыккан айыл тургундары жана айылдык активисттер никеге мажбурлоо, кыздардын эрте никеге туруу көйгөйлөрүн алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып беришти.
— Гендердик теңсиздик десе эле биз аялдардын зордук зомбулукка кабылганын элестетебиз. Гендердик теңсиздиктин көп түрү бар, айрым үй бүлөлөрдө эркектер дагы психологиялык зомбулукка дуушар болушат. Өзүмө кайрылсам ушул долбоордун жардамы менен биз бактылуу үй бүлөгө айландык. Биздин үйдө алты эркек, эки аял бар. Анын бири карыган апам. Үй тиричилиги бүтүндөй келинчегимдин мойнуна жүктөлүп калганын долбоорго катышкандан кийин билдим. Азыр үй тиричилигине уулдарым, өзүм дагы кол кабыш кылып, жубайымдын түйшүгү кадыресе жеңилдеди, деди GALS долбоорунун чемпиону, Озгоруш айылдык кеңешинин депутаты Алтынбек Ниязалиев.
Ал эми Талас шаары боюнча муундар аралык топтун лидери Алмамбет кызы Айгерим семинарларга катышып, гендер маселеси боюнча дүйнө таанымы кеңейип, аялдар дагы, эркектер дагы жашоонун ар кандай кырдаалдарында гендердик теңсиздикке кабылаарын, бул көйгөйдөн кутулуунун жолу билим жана эркин тандоо экенин айтты.
Ак-Дөбө айылынан келген Сыргажан апа долбоордун жардамы менен небереси Кайыргүл экөөнүн мамилеси жакшырып, бири бирине ишенип, сыр бөлүшүп, ынак курбуларга айланып калышканын айтып берди.
— Эки жылдан бери долбоордун алкагында көп иштерди жасоого жетиштик. Айылдарда “Супер кайната”, “Атасы менен баласы”, “Кыздар жана апалар” атуу кароо сынактар уюштурулду. GALS ыкмасын пайдалануу менен Өзгөрүш айлындагы эки мектепте кыз ала качуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары Көк-Кашат айлындагы муундар аралык топтун лидери Раиса Шоорукова айылда жаштарга чебер класстарды уюштуруп, гүл өстүрүү боюнча окуу откоруп, ал эми жаштар улууларга техника, телефон колдонуу ыкмаларына уйротушкон.
Өзгөрүш айлындагы муундар аралык топтун мучосу эжекебиз Майрам Бакеева унутулуп бараткан улуттук тамак “Ысык курутту” жасап чебер класстарды өтүштү. Ак-Дөбөдөгү топ кой союп, аталар окуучу балдарга кой союу, жиликтөө, ар бир жиликтин мааниси, кандай табакка тартылаары тууралуу түшүндүрүп, ичеги аарчып, жөргөм өргөндү үйрөтүштү. Долбоордун максаты 55 жаштан жогору улуу муундун адамдары менен 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр ортосундагы алаканы чыңдоо, үй бүлөдөгү гендердик теңсиздикти жоюу менен коомубузда бактылуу үй бүлөлөрдү көбөйтүү.
Бүгүнкү пресс-кафе “Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү” долбоорунун алкагында Бириккен Улуттар уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү (“БУУнун Аялдар” түзүмү), “ХелпЭйдж Интернэшнл”, “Агенты перемен” уюмдары тарабынан жана Европа биримдигинин каржылоосу менен өткөрүлүүдө, деп билдирди долбоордун Талас облусу боюнча координатору Марина Эдигеева.
Пресс-кафеге чакырылган коноктордун бири гендер маселеси боюнча серепчи Зарина Туркманова Линда Мэйо жайылткан GALS ыкмасы башка мамлекеттерде айыл чарба багытында көп колдонулгандыгын айтып, GALS ыкмасы менен жубайлар бири биринин кыялын, алдыга максат коюу менен тоскоолдуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктап, турмуш тиричиликке байланышкан милдеттерди тең бөлүштүрүп, киреше көбөйтүү жолдорун ортого салып кеңешсе ынтымактуу, бактылуу үй бүлөлөр көбөйөөрүн айтып өттү.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова