5- апрель күнү Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун милиция кызматкерлери тарабынан спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун демилгеси менен Талас облусун камтыган, окуучулар арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.
Бул иш-чаранын максаты өспүрүмдөр арасында ынтымакты, биримдикти жана достукту бекемдөө. Жалпысынан, мелдешке 12 команда катышты. Оюндун жыйынтыгы менен сыйлуу белектер, медалдар жана акчалай байгелер ыйгарылды. Милиция бөлүмү мындан ары дагы балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуунун алдын- алуу үчүн спорттук же маданий иштерди улантуусун билдирди.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова