2018-жылдын 31-мартында Барскоон капчыгайынын ичинде өткөрүлгөн иш- чара жаздын биринчи ишембиликтеринин бири болду.Айлананы жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш- чарасына райондук аким, Барскоон айыл аймагынын, Кумтөр ишканасы, «Таза жол» сервиси, «Жолчу» ишканасынын кызматкерлери жана Бапа элинин кошкон салымы чоӊ. Барскоон капчыгайынын ичиндеги жол жээке жалпысынан 750 түп Турпан тал, Мажүрүм тал жана Кайыӊдын көчөттөрү тигилди.
Көчөттөр Кумтөр ишканасынын кетүүчү жолуна отургузулушу бекеринен эмес. Анткени бул жол менен ишкананын оор жүк ташуучу унаалары көп каттайт. Бүгүнкү өткөрүлүп жатка иш- чара боюнча Жети-Өгүз райондук акими Калыс Жудеев төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Бүгүнкү күндө Алтын Кен Кумтөр компаниясынын кызматкерлери, Барскоон айыл аймагы, Барскоон коомчулугу менен технологиялык жолуна көчөт отургузуу аземи болуп жатат. Бул дагы жергиликтүү калк менен Кумтөр ишканасынын ортосундагы баарлашуу шарттын негизи болуп жатат. Жаратылышты баарыбыз коргошубуз керек.»
Барскоон шаркыратмасынын босогосу болгон Барскоон капчыгайынын жол жээгине отургузулган көчөттөр капчыгай ичиндеги балатыларды, карагайларды чаӊдан сактоо максатында отургузулду деген оюн «Туруктуу өнүгүү» фондунун кызматкери Айгерим Байтикова мындайча бөлүшүп өттү:
«Ёлкаларды чаӊдан коргоо үчүн ушундай талдарды отургузганга экология бөлүмү чечим чыгарып, айылдык жашоочуларын колдоп берели деп чечип 750 саженцыны, бул жерде болуп жаткан нерсенин баарын Кумтөр колдоп берип жатат. Жергиликтүү айыл өкмөтүнүн да салымы чоӊ».
Барскоон капчыгайынын ичине көчөттөрдү тигип койуу эле максат эмес, келечекте бул жерди парк кылуу, аллея болсо жаштар келип эс алып турушса деген ой- максаттарын кабарчыбызга Барскоон капчыгайынын токойчусу Аваз Баяманов айтып өттү:
«Айыл өкмөт менен биргеликте Кумтөрдүн сунушу менен ушул проект келип калды,
«Жашыл долбоор» боюнча. Анан биз чогуу келип Кумтөрдөн экологдору, айыл өкмөттүн кишилери келип ушул жерди ылайык көрдүк. Мурунку эски жолду рекультивация кылыш үчүн. Анан мунун негизги максаты экология, жашылдандыруу, чаӊга каршы. Бул ушул эле тигип коюш эмес келечекте парк, жаштар келип эс алса, Аллея болсо эки жолдун жээги болуп жатат. Бул жакка скамейкалар коюлат ушундай парк болуп калат да».
Көз кумары канып турат коозунан- демекчи Бапа элинин эмгекчилдигинен тоолорубуздун арасында да эс алуу багы пайда болмокчу.
Даярдаган: Эрлан Абласов