2018-жылдын 31-март айында Талас облустук сотунун кызматкерлери, калыптанган салт боюнча, жакын жайгашкан аймагын тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө таштандылар, кургак жалбырактар жана бутактар алынып, имаратка жанаша жайгашкан соттун участогу тазаланды.
Жазгы ишембиликтин уюштурулушу соттун жетекчилиги жана кызматкерлери үчүн жакшы салт болуп калды.
Белгилей кетүүчү нерсе, жазгы ишембиликтерди бүткүл өлкөнүн масштабында салттуу жандандыруу багытында, ишембилик Кыргызстандын баардык аймактарында өткөрүлдү.
Даярдаган: Талас облустук сотунун басма – сөз катчысы Назгуль Кулушева