“Боорукер бол”кайрымдуулук фондуна Катар мамлекетинен 3 айылга (Токтоян Чоң-Тогузбай, Тасма) айылдарынын элдерине жардам катары 50 жууркан берилди.
«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыналиев Хамид Асанович төмөндөгүчө малымат берип өттү.
«Мен «Боорукер бол «фондунун жетекчиси Зумдунов Тыныбектин мугалими болом. Фонддун ачылышында мени менен кеңешип биргеликте түзгөнбүз. Башталышында тиешелуу документтер даярдоо мүмкүн болгондуктан, фондду биргелешип ачууга макулдугумду бердим. «Боорукер бол» деп фондду атаганыбыздын себеби, адамзатка акыл берилип, боорукер болуу үчүн жараткан. Ошол себептен ушул туура болот деп атап калдык. Иштин башталышы өтө оор болду деп айта алам, көп жерлерге бардык, майнап чыккан жана чыкпаган жерлерге дагы барып убактыбыз текке кеткен учурлар дагы кездешти. Ачылганына 1 жыл болду. Ушул жылда 1 миллиондон ашык элге киреше алып келгенге себепчи болдук. Биз кайсыл жерде көйгөй болсо, ошол жакка барып, эл менен аралашып ар бирин карап чыгып, коомдук жайларды ,социалдык курулуштарды, суу түтүктөрун, таза суу боюнча облустук территория боюнча көптөгөн иштерди алып барып өткөрүп келдик. Элибизге алып келген материалды реалдуу түрдө таратып берүүгө аракет кылып жатабыз. Азырынча айылдык аймак менен иштеп жатабыз. Акчалай элге жардам берүү үчүн кыргыз мамлекеттик банктары менен иштөө мүмкүн эместиги жана Казакстан аркылуу алуу керектиги маселеси, электрондук байланыш түзүү жана көптөгөн мамлекеттер менен байланышабыз деген перспективабыз бар. Биздин устаттар «Кызыл Ай Коому», «Катар мамлекети кайрымдуулук фондду», «Таза Суу», «ФАП -8», «Бала бакча -8», «Мечит -1», «Мектеп -1″. Булар 13 айыл өкмөтүнө көрсөтүлчү жардам. Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондоруна кирет. Бул проекттер өттү эми иш жүзүнө ашырыла баштайт.
Жалпы социалдык, коомдук чөйрөлөрдөн дагы муктаждыктар болсо, ырааттуу ишке ашышына үмүт кылабыз жана аракеттенебиз. Биздин келишимдин азырынча чеги жок. Болушунча элге жардам берүүгө аракеттенебиз,»-деп билдирди Хамид Тыналиев.
Даярдаган: Нурланов Канат