Ноокат райондук билим берүү тарабынан бир нече мектептерде жайкы эс алуу лагерлер уюштурулду. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде да жайкы лагерь болуп өттү.
Жайкы эс алуу лагеринде биринчиден «Кыргызстан менин мекеним» аттуу дил баян жаздырылды. Андан соң сүрөт көргөзмө уюштурулду жана сүрөт тартып, «Менин китепчем» аттуу китеп жасашты. Улуттук жана спорттук оюндар ойнотулду. Лагерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн да балдары катышты. Алар бир маал ысык тамак менен камсыз болушту. Алар жомокторду окушуп, ал жомоктон түшүнгөнүн үзүндү аткарышты. Лагердин соңунда «Дүйнөдө тынчтык болсун» деген темада эссе жазышып, жыйынтыкталды.
Даярдаган: Кожоева Асылкан