Ноокат районунун билим берүү мекемелеринде окуу жылы аяктап, ремонт иштери жүрүүдө. Кулатов айыл аймагындагы мектеп жамааты жууп, тазалап, актап, сырдап жаткан учур. Техникалык кызматкерлер, мектептин айлана-чөйрөсүндөгү чөптөрдү оруп тазалап, гүлдөрдүн астын жумшартып жатышат. Терезелерди жууп, класстын ичиндеги шкафтардын ичиндеги көрсөтмө куралдарды офистеп, иреттөөдө.

Даярдаган: Кожоева Асылкан, Жалалова Таңнуру