Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Тыныбек Зундуновдун жетекчилиги менен «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду ачылды. Бул фонд учурда Карасаев айыл өкмөтүндө, тагыраак айтканда Токтоян, Тогузбай, Тасма айылдарында өз ишин алып барып жатат.
Бул фонддун максаты аз камсыз болгон үй булөлөргө, көп балалууларга жана майыптарга жардам берүү. Учурда бул фонддун 14 мүчөсү бар. Алар биргеликте өз иштерин эки айдан бери аткарып келишүүдө. «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов да учурда 3-топтогу майыптырдын катарына кирет. Ал боорукерлик адамдын жашоосундагы эң жакшы сапаттардын,кадамдардын бири экендигин айтып,жаңы ачылган бул кайрымдуулук фонд жөнүндө кененирээк маалыматты төмөндө бөлүштү.
«Биздин фонд «Бооркер бол» деп аталат. Кайрымдуулук фондду ачууну көптөн бери максат кылып келгенбиз. Ошол максатка жетип, эки ай мурун ушул кайрымдуулук фонддун ачтык. Бул фонд аркылуу биздин команда Токтоян, Тогузбай, Тасма айылындагы аз камcыз болгон үй- бүлөлөргө, майыптарга жана көп балалууларга жардам беребиз. Биз ачылганыбызга эки ай гана болгондуктан учурда социалдык тармактарда почтабыз жок. Бирок, фейсбук, одноклассникиде Тыныбек Зундунов аттуу өздүк почтам бар. Учурда аз болсо да бизди колдогон демөөрчүлөрүбүз табылууда. Алардын жардамы менен алгачкы кылган иштерибиздин бири Токтоян айылынын имамы Тыналиев Хамит агабыздын кайрылуусу менен мечиттин оңдоп-түзөө иштерине материалдык жактан жардам бердик. Буйруса бул фонддун дагы да болсо демөөрчүлөрү көбөйүп, алдыда көптөгөн жакшы иштерди жасайбыз деген үмүттөбүз»- деп өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.
Эскерте кетсек, каалоочу бардык адамдар бул фонддун мүчөсү болуу менен өз салымдарын кошо алышат.
Даярдаган: Айдай Абдынапыкова