Сүлүктү шаарындагы маданият сарайында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.
Майрамдын сыйлуу коноктору болуп учурда ардактуу эс алуудагы агай эжейлер чакырылды. Шаар боюнча тандалып чакырылган эң алдыңкы мугалимдерди шаардын мэри Абдыназаров, вице-мэр Марзия Сапаркулова жана шаардык Кеңештин төрагасы Т.К. Азизбеков баш болгон шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери куттуктады. «Сүлүктү шаары боюнча 2017-2018 окуу жылында 14 бүтүрүүчүнүн 10 бюджеттик орундарга студент болгон, Эл аралык олимпиадада эки окуучусу математика сабагынан биринчи орундарды алган №9-гимназиянын директору Рустамовага жана эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиремин»- деп Сүлүктү шаарынын мэри Абдыназаров маалымат берди.
Кабарчы: Акмарал Нурбай кызы