«Медиа Сабак» Фонду ERIM (Франция), MediaNet (Казакстан) жана Гурдофарид (Тажикстан) менен биргеликте жаңы QLEVER+ долбоорун баштады. Долбоордун максаты — Борбордук Азиядагы жаштардын критикалык ой жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу жана Интернеттеги жалган маалыматка, экстремизмге, манипуляцияга жана пропагандага каршы туруу.
Qlever+ долбоорунун негизги аспектилери:
Qlever оюнга негизделген окуу платформасы:
Веб-сайт [https://qlever.asia] жана Google Play Market’теги [https://play.google.com/store/apps/details?id=com.irokez.qlever] тиркеме 2020-жылы ишке киргизилгенден бери медиасабаттуулукту жогорулатууга жардам берүүчү интерактивдүү билим берүү оюндарын камсыз кылат. Борбордук Азия жаштары интернет булактарынан жана социалдык тармактардан алынган маалыматтар менен активдүү өз ара аракеттенишет жана бул платформа аларга ишенимдүү жана жалган маалыматты айырмалоо жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет. Оюн ойноодон тышкары, алар упайларды топтоп, платформанын дүкөнүндө байгелерге алмаштырышат. 2024-жылдын февраль айында биз жаңы кызыктуу оюндар, окуялар жана байгелер менен платформанын жаңыртылган версиясын сунуштоого кубанычтабыз.
Борбордук Азия лагерлери:
«Медиа Сабак» фонду Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жогорку класстын окуучулары үчүн Media Station жайкы лагерлерин өткөрүү боюнча чоң тажрыйбага ээ. QLEVER+ программасынын алкагында Борбордук Азиянын жаш мугалимдери жана лидерлери үчүн атайын жайкы лагерлерди уюштуруу менен билим берүү миссиясын кеңейтет. Эң активдүү катышуучулар өздөрүнүн жамааттары үчүн пайдалуу болгон өз демилгелерин ишке ашыруу үчүн мини-гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Евразиялык фактчекинг жана медиа сабаттуулук тармагын (EFMN) чыңдоо:
Фактчекерлер жана дата-журналисттер үчүн тренингдер жана мастер-класстар долбоордун маанилүү компоненти болуп саналат. Бул иш-чаралар алардын кесиптик билимин жана көндүмдөрүн тереңдетүүгө багытталып, аймактардагы маалыматтын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Медиасабак фонду Борбордук Азиянын жаштарын маалыматты критикалык талдоо жана баалоо үчүн билим жана көндүмдөр менен камсыз кылуу аркылуу маалымат агымына туруктуу жана аң-сезимдүү мамилени калыптандырууга умтулат. QLEVER+ маалыматтык коопсуз жана жоопкерчиликтүү коомду түзүүгө салым кошуу менен бирге, жалган жана текшерилбеген маалыматтардын жайылышына каршы күрөшүүнүн негизги куралы болуп саналат.
Медиасабактын социалдык тармактардагы баракчаларында жана веб-сайттарындагы QLEVER+ долбоорунун кызыктуу жаңылыктарын окуп турсаңыздар болот.
Facebook: https://www.facebook.com/mediasabak.org
Instagram: https://www.instagram.com/mediasabak/
Расмий сайттар: mediasabak.ngo жана mediasabak.org
Байланыш үчүн маалымат:
Кундуз Жекшен кызы, координатор
«Медиа Сабак» фонду
Email: [email protected]
Телефон: +(996) 705 801 427
QLEVER+ долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалымат аркылуу байланышкыла.