Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын жаштары ар жума жолугуп, футбол ойноону адатка айланткан. Ар тармакта эмгектенген жаштардын дени-сак жашоо жана айылдын атын таанытууга болгон аракети жеңиштерди багынтууга стимул болуп келет. Бул тууралуу Жамааттык Медиага “Ысык-Көл — Бостери” курама командасынын оюнчусу Максат Чолпонкулов маек курду.
Бостери айылынын ар тармакта эмгектенген жаштары жума сайын жолугуп, футбол ойноону адатка айланткан.
— Саламатсызбы. Сиздердин футболдук команда менен тааныштырып өтсөңүз.
— “Ысык-Көл — Бостери” курама командасынын түзүлгөнүнө көп жыл болду. 1960-1970-жылдары бул командада биздин ата, агаларбыз ойногон. Ал учурда команданын аты “Толкун” болчу. Азыр биздин команда “Ысык-Көл — Бостери” аталышын алып келе жатат.
— Футболдук команданын максаты кандай?
— Командада 22 бала ойнойт. Биринчиден, бардыгыбыздын максатыбыз дени-сак жашоо. Ал эми экинчиден, бардыгыбыз бир айылдын балдары болгон үчүн туулган жерибизди жакшы тарабынан таанытуу, атын чыгаруу. Учүнчүдөн, биз өсүп келе жаткан жаштарды футболго тарбиялап, аларга жол көрсөткүбүз келет. Футболго берилип, өсүп жаткан жаш балдарды Кыргызстандын курама командасына кошуу аракетинде жүрөбүз. Ушул алдыбызга койгон максаттарыбыз ишке ашып жатат. Бизде тарбияланган балдар Кыргызстандагы алдыңкы футболдук командаларга кошулуп, ийгилик жаратууду. 4 бала жогорку лигада ойноп жатышат. Алардын бири Кочкор-Атанын “Нефтчи” деген командасында ойнойт. Дагы 3 балабыз “Абдыш-Ата” курама командасында ойноп жүрүштү. Алдыңкы жылдары алыскы өлкөлөрдө Кыргызстанды таанытып ойной турган мыкты футболисттерди тарбияласак деген максаттарыбыз бар.
Максат Чолпонкулов: Арабызда бирөө электрик, дагы бирөө мугалим, юрист, экономист, кароолчу жана курулушчу болсо дагы барыбызды спорт бириктирип турат.
— “Ысык-Көл — Бостери” командасы кантип түптөлгөн?
— Биз башка футболисттер сыяктуу футбол боюнча атайын окуган жокпуз. Бизде андай мектеп, окуу борбору жок. Көчөдөгү футболдон чоңоюп, андан ары спорттун бул түрүнө берилип кеткендерденбиз… Арабызда бир бала дене-тарбия адистиги боюнча билим алып келип, азыр жаш жеткинчектерди футболго тарбиялап келет.
— Футболду канча убакытта бир ойноп турасыздар?
— Бир жумада 3-4 жолу ойноп турабыз. Бардыгыбыз башка кесиптин ээси болгондуктан, күндүзү жумушта, жумуштан кийин футболго келебиз. Башка кесиптин ээси болгондо арабызда бирөө электрик, дагы бирөө мугалим, юрист, экономист, кароолчу жана курулушчу ж.б багыттарда иштешет. “Футбол- тынчтыктын элчиси” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ар бирибизди футбол ынтымакка бириктирип турат. Спорттун аркасы менен Кыргызстандан ар тарабынан досторубузду таптык.
“Ысык-Көл – Бостери” курама командасынын тренери Токтосун Маматкулов. Анын жетектөөсүндө команда айыл өкмөттөр арасындагы мелдеште 7 жолу чемпион болгон.
— Тренериңиздер ким?
— Биздин тренерибиз Токтосун Маматкулов деген ата. Ал атанын жашы жетимишке келип калды. Ал дагы футбол багытында билим алган эмес. Жаш кезинен тарта телевизордон көрүп, кызыккан экен. Ата бизге 2004-жылдан баштап тренер болуп келет. Ошондон бери Кыргызстандагы айыл өкмөттөр арасында 7 жолу чемпион болдук. Кышкы чемпионатта 1 алтын, 1 күмүш, 1 колону багындырдык. Быйыл улуттук лигада коло байге алдык.
— Мелдештерге жыл сайын катышып турасыздарбы? Атаандаштарыңыздар ким?
— Биз, Кыргызстандын улуттук лигасында ойнойбуз. Ал жакта биз менен атаандаштыкта ойногон командалардын бардыгы эле күчтүү. Алардын басымдуу бөлүгү бала кезинен футболго профессионалдуу түрдө тарбияланган балдар. Биз андай шартта футболду өздөштүрбөсөк дагы, көп жылдан бери өз кызыгуубуз менен ойноп келебиз. Бул биздин өзгөчөлүгүбүз.
Дени-сак жашоо, туулган жерди таанытуу, өсүп келе жаткан жаштарга жол көрсөтүү курама команданын башкы максаттары.
Касиет Кубанычбек кызы