13-февралда “Социалдык биримдик чөйрөсүндө улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын чыңдоо” долбоорунун алкагында ЮНЕСКОнун улуттук керектөөлөрдү ыкчам баалоо иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Алматыдагы ЮНЕСКОнун аймактык бюросунун директору Амир Пирич, ошондой эле бир катар мамлекеттик уюмдагы кызматкерлер, медианын, эл аралык уюмдардын, жарандык жана академиялык сектордун өкүлдөрү катышты.
Долбоордун максаты: Горизонталдык жана вертикалдуу ишенимди бекемдөө, улуттук механизмдерди оптималдаштыруу, диалог аркылуу чечимдерди кабыл алуу жана топтор аралык диалог, инклюзивдүүлүк жана отчеттуулук үчүн комплекстүү аракеттерди түзүү.
Долбоордун алкагында коомдук консультативдик кеңештер менен тыгыз иштер жүргүзүлөт.
Иш чара БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында, Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин ишке ашыруусунун жана Бириккен Улуттар уюмунун Тынчтык куруу фондунун колдоосунда уюштурулду.
*************************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Перизат Таштанова