Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында быйыл эки шайлоо участогу иштейт. Мунун себеби — шайлоочу адамдардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп аталган айылдын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Муратбек Асаналиев билдирди.
Анын айтымында быйыл Ача-Кайыңды айылынын жалпы шайлоочуларынын саны 3000ден ашкан. Ошого байланыштуу айылдын мектебиндеги «Ой-Терскен» жана бала бакчадагы «Ача-Кайыңды» деген эки участок даярдалды.

«Ой-Терскен» шайлоо участогу

Бала-бакчадагы экинчи шайлоо участогу
Эскерте кетсек, шайлоочулар кайсы участокко барып шайларын билбесе, шайлоо участогундагы тизме менен таанышып алышса болот.
Ак-Талаа районунун акими шайлоочуларга түзүлүп жаткан шарттар боюнча таанышып, шайлоочулардын тизмесинин даярдыгын көрдү.
Асел Уркунбаева