Биздин бүгүнкү каарманыбыз Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулуп өскөн Темир Муса уулу. Ал Кыргызстандагы алдыңкы волейбол оюнчуларынын бири, карантиндин волейболго кандай терс жактары тийип жатканын айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү.
-Мен өзүм мектепте окуп жүргөндө эле волейбол ойноп жүрчүмүн, 9-классты бүткөндөн кийин Нарындын «Теңир-Тоо» командасында ойнодум.
2015-жылы улуттук курама командасына тандалып алынгам.
Кыргызстандагы ийгиликтер:
-Мен азыркы учурда Бишкектеги «Улар» командасында ойнойм жана машыктыруучусу болом. Биздин команда көптөгөн ийгиликтерди жараткан. 2017-2018- жылдары Кыргызстан чемпионатында 3-орун, 2016-жылы Жогорку Лигада 1-орун, 2016-2017-жылдары “Пляждагы волейболдун» эки жолку чемпиону болгонбуз.
Кыргызстандан сырткаркы ийгиликтерибиз…
-Улуттук курама команда менен биринчи жолу 2015-жылы Бангладештеги зоналык оюнга катышып келгенбиз. Бирок биринчи жолу башка өлкөгө чыгып ойногонубузга байланыштуу жакшы оюн көрсөтө алган эмеспиз. 2017-жылы кайра эле Бангладешке барып, экинчи орунду алып келгенбиз.2018-жылы Мальдивыдагы оюнда Туркменстанды ‘3:1’ эсебинде утуп алып, чемпион болгонбуз. 2019-жылы Непалдагы Азия чемпионатында Өзбекстанды 3:1 эсеби менен утуп алып чемпион болгонбуз.
Тайландка кандайча барып калдым…
Тайланддын волейбол федерациясы менен Кыргызстандын федерациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, алардан ушул баланы жибергиле деген сунуш түшкөн. Бул жактан биздин генсекретарь, президентибиз менен сүйлөшүп, 5 айга контракт менен барып жүрүп келдим.
Ал жактан биздин команда финалга чыкканда карантин болуп калып, мен Кыргызстанга келүүгө туура келди. Тайландда өзүмө абдан жакшы тажрыйба топтой алдым, ал жерде волейболдун деңгээли чындыгында жогору экен, машыгуулары дагы абдан оор болду. Эли жөнүндө айтсам, жакшы мамиле кылганы бар, кылбаганы дагы бар.
Пандемия биздин пландарыбызды аябай өзгөрттү…
-Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык 8 өлкө катыша турган оюн бар болчу, быйыл биз өткөрмөкпүз. Азыр мөөнөтү жылып калды окшойт. Дагы көп оюндар бар болчу. Азыр баарыбыз аман-эсен ушул илдеттен чыгып, оюндарыбызды улантсак деп тилеп жатабыз.
Келечекте биз татыктуу оюнчуларды даярдап чыгып, өлкөбүзгө өз салымыбызды кошсок дейбиз…
-Ал үчүн алгачкы кадамдар жасалып жатат, бул аракетине Исаев Тыныбек агабызга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз Сокулукта эң жакшы шарты түзүлгөн, тамак-ашы бекер жатаканасы менен залда машыгабыз. Бардык спортту колдогондорго чоң рахмат.Учурдан пайдаланып, волейболго кызыккан балдарды биздин залга келгиле демекчимин, биздин эшик дайыма ачык.
Сиз спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз? Тесттен өтүп өзүңүздү сынап көрүңүз.
Асель Уркунбаева