Түп районунун Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткендер башкаларга салыштырмалуу акчаларын пайдалуу коротушууда. Алар мектептеги окуучулардын камын ойлоп, окуучулар үчүн кол жуугучтарды белек кылышты.
Жыйырма жылдыктардын бири Эсеналиев Айбек мектептеги көйгөйлөдүн бирин болсо да чечип, умывальниктерди алып беришкендигин төмөнгүчө баяндады.
“Мен мектепти 1996-жылы бүткөм. Быйыл биздин жыйырма жылдык болгондуктан, чогулган акчаны бир пайдалуу иш үчүн жумшоого аракет кылдык. Буга чейин мектепке пайдалуу иш жасабасак да ушу быйыл мектептин бир маселеси болгон тазалык маселесин кичине болсо да чечип, умывальниктерди алып келдик. Негизин бул идеяны балдар болуп отуруп, бардыгыбыз ойлонуп ушу ойго токтолдук. Жалпысынан бул умывальниктерди алып келүү үчүн 25 миңдей акча сарпталды”, – деди Эсеналиев.
Окуучулардын бири Нускадинова Айдай 20 жылдыктарга өз ыраазычылыгын төмөнгүчө билдирди.
“Биз бул умывальниктердин келгениние абдан кубанып жатабыз. Анткени буга чейин жуунучу жайлар аз болгондуктан кээ бир учурларда тазалык сакталбай калчу. Ал эми азыр ар бир класска умывальниктер келди. Жыйырма жылдыктарга ыраазычылыгым билдирем», — деди Айдай.
Даярдаган: Адилия Мундукова
Сынак үчүн