Бакай-Ата айылынын футбол аянтында кыздар фистиваль болду. Ал фистивалда футбол спортуна кызыккан кыздар катышты. Көбү Бакай-Ата айылынын орто мектептеринен келишти.
Фистиваль Кыргызстандын гимни менен башталды. Бакай-Ата айылынын Ленин орто мектебинин 10-классынын окуучусу, футбол камандасынын капитаны Назаралиева Улжан фестивалга биринчи жолу катышып жатканын айтат.

“Футболго катышып, кызыгып жүргөнүмө эки жыл болду. Фистивалга биринчи жолу каташып жатам. Дагы көп фистивалдар өтө берсин. Бакай-Атанын кыздар футбол камандасы көп жетишкендике жете берсин деп каалайм», — деди Уулжан.
Кыздардын курама камандасынын тренери Покачалова Светлана иш-чара боюнча буларды айтты.

“Бул фистиваль Кыргызстандын бүт аймагында ФИФАанын колдоосу менен өтүп жатат. Бул фистивалга 150 кыз катышып жатат. Биздин максат — кыздардын ден-соолугун чыңдоо жана футболду өнүктүрүү», — деди Покачалова.
https://www.youtube.com/watch?v=MtHp5hwQiew&feature=youtu.be
Бул фистиваль өлкөдө үчүнчү жыл катары менен өтүлүүдө.
Даярдаган: Үзөнкул кызы Алина
Сынак үчүн
АСЕ