Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде райондук «Жыл мугалими» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү. Аталган иш-чарага сегиз мектептен экиден мугалим келишти. Сынактын максаты таланттуу, чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктап чыгуу экенин айтат аталган мектептин директору Арзыгүл Шеримбекова.
Мектеп директору Арзыгүл Шеримбекованын билдиришинче, Учкундагы мектеп район боюнча чоң мектептердин катарына киргендиги үчүн бул иш-чара ушул жайда өткөн.

«Эми аягында ким кандай деңгээлде даярданса, ошого жараша орунду ээледи. Сынакта химия, информатика, адабият, математика, кыргыз тил предметтери боюнча сабактар өтүлүп, калыстар тобу өз баасын беришти», — дейт Арзыгүл Шеримбекова.

Таймашта өрөөндөрдөн келген мугалимдер тажрыйба алмашып, окуучулардын билим деңгээлине күбө болушту. Эмгек-Талаа айылынан келген мугалим Нурпайыс Өмүралиев Учкундун 6-класстарына кыргыз адабиятынан сабак өткөн.

«Бул окуучулардын билим деңгээли абдан жакшы экенин көрдүм. Бул жакка келгенде көптөгөн жаңы көрсөтмө куралдарды көрдүм, кийинки сабактарымда алар жардам берет деп ойлойм», — дейт Өмүралиев.
Сынакка келген калыстар тобунун мүчөсү Баатырбек Исманбаев мындай деди.

«Калыстар тобу мугалимдердин сабактарына катышып, алардын окуучуларга кандай билим берип жаткандыгына күбө болдук. Мурунку турдан өткөндөрдү дагы бир жолу кызыктуу турдан өткөрдүк», — деди Исманбаев.

Сынактан баш байгени жеңгендер республикалык турга барышмакчы.
Даярдаган: Элина Асанакунова
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн