Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Аны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан.
Аталган аянтчанын долбоору кышында жазылган болсо, жыйынтыгы эми келип курууга камынып жаткан учуру. Бул туурасында долбоор жазгандардын бири Кубанычбек Ибраимов мындайча баяндады.

«Бул долбоорду АРИС каржылайт. Негизи жалпы суммасы 1 000 000 сомго жакын каралып жатат. Биз өткөндө жыйналыш кылып, 77-жылкы балдардан 89-жылкы балдарга чейин 500 сомдон чогултабыз дедик. Учурда биз акчаны чогултуп берсек эле иштей баштайбыз», — дейт ал.
Кээ бир бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, спорт аянтча эртерээк курулса жакшы болмок. Анткени алар 11-классты бүтуп, ойной албай калабыз дешет.

Бул туурасында Учкун айылынын тургуну Базира Кулумбаева төмөнкүлөрду айтып өттү.

«Андай нерселер көп курула берсин, бул нерселер балдарыбыздын келечегине чоң таасир этет. Балдарыбыз ырас баткакта ойнобой жапжашыл болгон аянтчада ойноп калышат деген ойдомун. Буюрса Учкун айылыбызда көптөгөн аянтчалар көбөйө берсин», — деди ал.

10 жылдыктар спорт залды оңдоодон өткөрүшсө, 88-жылкылар кичи футболдук аянтчаны курганы жатышат.
Даярдаган: Бермет Шарип кызы
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн