Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-класстагы окуучулары бири-биринен ашып, көптөгөн бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн 11-б классынын окуучулары өздөрүнүн пенадан жасаган бурчун илишти.
11-а классы келечектеги кыялдары жана кайсы кесиптин ээлери болгулары келгендиги туурасында сүрөттөрдү илишкен. Ал эми 11-б классы болсо «Мугалим мөмөлүү дарак» деген макалга жараша сүрөттөрдү илишти.

11-б класстын жетекчиси Кумара Жумалиева төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Биздин башка бурчтардан өзгөчөлүгүбүз мында болду. Биздин берки класс келечек туурасында сүрөттөрдү чапташыптыр, фантазиясы күчтүү экен, бирок алар дубалга чачаптаган анчалык деле көрүнбөй калат экен. Биздикинин өзгөчөлүгү окуучулардын кичине кездериндеги жана чоңойгондогу сүрөттөрү пенага чапталган. Бул нерсени биздин айылдагы Адилет Кутбидинов аттуу балабыз жасады», — дейт ал.
Жумалиеванын айтымында, бурчту жасоого ата-энелерден акча чогултулган. Ал эми муну ойлоп тапкан Мунара Шаймерден кызы.

Бүтүрүүчү Элмира Солдатбек кызы «өзүбүз жасаган нерсе да, берки классымдыкы да жакты. Биз бул нерсе менен эмнени чагылдыргыбыз келгенин толук көрсөтө алдык деп ойлойм» деген пикирде.
«Биздин бурчта көптөгөн нерселер чагылдырылган Мисалы, кичинекей бала окуучуга айланып, алар кайрадан канат байлап учуп кетишет, мугалим болсо өзү эле сүрөттө көрүнүп тургандай мөмөлүү дарак», — дейт бүтүрүүчү.
Биз балдарыбыздын ушундай нерселерди жасоосуна шарт түзүп бердик деген Учкун айылынын тургуну Назира Сатыкеева төмөнкүлөрдү баяндап берди.

«Биз балдарыбыз 11-классты бүтүп жаткандыгына байланыштуу баарына шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Мага булардын жасагандары абдан жакты жана көптөгөн нерселерди балдар бурчтан алып алышса болот экен», — деп сөзүн аяктады Сатыкеева.
Бүтүрүүчүлөр азыркы тапта акыркы коңгуроого даярданып жаткан учурлары.
Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы
Редактору: Жанара Аснкул кызы
Сынак үчүн