Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнөн аскерге 13 бала кетти. Ден соолугуна байланыштуу эки бала пландан алынганын айтты аскерге каттоо кызматкеринин инспектору Абдираим Джораев.

Абдираим Джораев өз сөзүндө балдардын аскерге болгон кызыгуусу артканын айтат.
“Быйылкы жазгы 2016-жылдын аскерге тартуу кызматына 10, план боюнча 15 аскер жөнөтүшүбүз керек болсо, бүгүнкү күндө 13 бала жөнөттүк. Себеби жарандардын салматтыгы начардыгы, жогорку окуу жайларында окугандыгынын себебинде болду. Балдардын учурда аскерге болгон кызыгуусу арткан, бул боюнча жакшы болуп калган. Мурдагы жылдарда аскерге балдар кызмат өтөөдөн качышчу. Өз ыктыяры менен барам дегендер көбөйүп жатат. Негизи мен мамлекеттин аскер кызматына болгон көңүлү жакшы бурулгандыгы деп эсептеймин. Жаштарды мекенге кызмат кылууга патриоттук сезимин өнүктүрүү үчүн мен ойлоймун мектепте жакшы тарбия болсо балдардын кызыгуусу аз да болсо артат”, — дейт Джораев.
Убагында аскерде кызмат өтөп келген Гасидин Алдашов өз каалоосу менен барып келгенин айтат.
«Ата-энем да эч кандай каршы болгон эмес. Учурда жаштардын баары эле аскерге барып кызмат кылууну милдет кылса керек деп ойлоймун. Баардык эле жигиттин аскерге барып өз элине кызмат кылуусу шарт», -деген пикирде Алдашов.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн