Кыргыздын улуттук тамактарынын бири быжы акыркы убактарда дасторкондо көп коюлбай калганы байкалат. Эмне себептен мындай болууда же быжы жасоо кыйынчылыкка алып келеби?
Бул суроого Казан-Куйган айылындагы Айтбек Мукамбетов атындагы маданият үйүнүн уюштуруучусу Нарынкүл Чебулдиева төмөнкүдөй жооп берди:

Нарынкүл Чебулдиева
«Кээ бир учурда малдын ич этин жегенге болбойт. Себеби, экологиялык жактан айрым малдардын ич эти таза болбой калып жатат. Быжынын жасалышы оңой эле. Быжыны малдын ич этинен жасайбыз, эң негизгиси мөөн менен боорду пайдаланабыз. Боордун тазалыгын карайбыз, курту ар кандай жаралары жок болгондо гана пайдаланабыз.
Боорду кара туз менен эзип алып, ортосундагы чарымдарын алып салабыз дагы, андан кийин ага пияз туурап, даамына келтириш учун мурч салып, айрым учурларда күрүчтү сууга көптүрүп, аралаштырабыз. Даамына жараша тузун, мурчун, калемпирин кошуп, аны мөөнгө салып даярдап алабыз.
Кээ бир учурларда адамдар малдын канын да пайдаланып жүрүшөт, бул учурларда мен кеңеш берет элем, малдын ичинде гана калган канды колдонууга болот. Ал эми мууздоодон чыккан канды негизинен арам деп эсептелгендиктен колдонгонго болбойт».
Айтунук Уланбек кызы, Бегимай Нурдинова