Оттук жана Казан –Куйган туугандары кышка даярдык көрүү үчүн бакчаларында картошка, кызылча, укроп, чеснок, петрушка сыяктуу жашылчаларды өстүрүп түшүм алуу алдында турушат. Кышка кам көрүү үчүн малга тоют даярдоо иштери дагы аяктап калды.
Сайра Үрүстөмова Оттук айылынын тургуну
Айыл тургуну Сайра Үрүстөмова чакан жер тилкесинде өстүргөн жашылчаларды түшүмү жакшы болуп жатканын айтты:
“Быйыл буюрса картошканын чыгышы жакшы ана түшүм алган да берекесин бергенде көрөбүз да, канча чыкканын былтыркыдан айырмасы болот, чыгышы аябай жакшы. Суу тартыш болгон жок, көп огороддуулар бар да, ошолордон ашкан суулар менен эле калтырбай сугарып жаттык. Биздин огород деле жок, бир 3 сотых эле жерибиз бар, 2 мүшөк картошка үрөн картошка айдап коём. Буюрса 20 мүшөк картошка жакшылап багабыз, аны колубуздан келишинче отоп, сугарып, чаап. Түшүмдү деле сатпайм, сабиз-кызылчаларымды ашканын сатып жүрөм, жылына айыл- апага өзүбүздүн тегеректегилер алат, анан картошканы деле сатпайбыз жазга чейин жетет, бала-чакага беребиз, өзүбүз пайдаланабыз.”
Быйыл малга тоют даярдоо аба-ырайынын туруксуздугу, күйүүчү майдын кымбатташы айыл элине кыйынчылыктарды алып келгенин Жолдошбек Молдалиев билдирди:
Жолдошбек Молдалиев Казан-Куйган айылынын тургуну
“Чөп жаатынан айтсак, чөптүн баасы 180-ден 250-чейин барды. Талаадан 400 боо жыйнадым жылдагыга караганда 300 боо кем алып калдым. Себеби, аба ырайы жаанчыл болуп начар болуп калды. Негизинен май кымбаттап техникаларадын кызматтарынын баалары кымбаттап кетти”.
«Усупбекстандын» жаш кабарчылары билимин өркүндөтүүдө
Казан-Куйган айылында курулуш үчүн кыш даярдалат
Оттук: Окуучулардын мектепке даярдыктары кандай?
Адылхан Эсенгулов, Абдурахим Азамат уулу