Нарын районуна караштуу Оттук жана Казан-Куйган айыл аймактарында иш алып барып жаткан “Усупбекстан” жамааттык мультимедиа борборунун жаш кабарчыларын жергиликтүү жаңылыктарды жазып, сайтка жайгаштырууну үйрөнүштү. Андан тышкары, ар түрдүү форматта маалымат даярдоонун ыкмалары тууралуу билим алышты.
Жаш кабарчылар менен таанышуу учуру
Тренингди жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирлигинин башкаруу кеңешинин төрайымы, www.kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова өттү:
“Бул тренингдин максаты, ыктыярчы кабарчыларды жаңылыктарды журналистиканын стандарттарына ылайык жазууну үйрөтүү. Тренинг Германиянын “Немец толкуну” академиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат. “Усупбекстан” жамааттык мультимедиа борбору жаңы мүчөлүккө кабыл алынгандан бери биринчи тренинг өткөрүлүп жатат. Мындан ары дагы ыктыярчыларга бир нече тренингдерди өткөрүү керектиги байкалууда.”
Ыктыярчылар суроолорду даярдоо учуру
Тренингдин биринчи бөлүгүндө жаш кабарчылар макала жазуунун эрежелерин, стандарттарын үйрөнүү менен жаңылыктарды ар түрдүү форматта чагылдыруунун жолдорун биле алышты.
Ролдоштуруу оюну менен ыктыярчылар практика жүзүндө журналисттик чеберчиликтин көндүмдөрүнө ээ боло алышты
Тренингдин экинчи бөлүгүндө жаш кабарчылар айыл тургундарынан интервью алып, жаңылык жазууга көнүгүштү
Сайтка жайгаштырууну талкуулоо учуру
Атайын даярдаган маалыматтарын компьютердик калыпка салып, сайтка жүктөй алышты.
“Өтүлгөн тренинг жаш ыктыярчылар үчүн абдан пайдалуу болду. Ар бир жаш кабарчыга өз алдынча “универсалдуу журналист” катары иштөөгө көнүгүү менен өз тажрыйбаларын топтоого эң жакшы мүмкүнчүлүк түлүзүп жатты. Тренингдин жүрүшүндө ыктыярчылардын өз алдынча даярдаган маалыматтарын сайтка жүктөп чыгаруусу чоң жетишкендиктердин бири болду”,- деди мультимедиа борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова.
Кабарчылар текст жазууну өздөштүрүү учуру
Жаш кабарчы Амир Курманбеков:
“Эки күндүк тренингде мен көп нерсени үйрөндүм. Адамдардан интервью алуунун жана ошол убактагы журналисттин жүрүм-турум эрежелерин биле алдым. Макала жазуунун стандарттарын өздөштүрө алдым жана өз тажрыйбамда жаңылык жазып, сайтка кое алдым.”
Акылай Алмазбекова