Нарын районуна караштуу Казан –Куйган айылында пескоблок чыгаруучу ишкана иштеп келет. Айыл тургундарында курулуш кылуу үчүн алыскы шаарга барып убара болбостон, өз айылынан эле сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ишкана 3 жыл мурда ачылып, айыл элинен буйрутмаларды алып келет.
Сабыр Сулайманов- ишкананын кызматкери
Ишкананын кызматкери Сабыр Сулайманов менен маек курдук:
-Саламатсызбы! Пескоблок чыгаруучу ишкана ачуу идеясы кайдан келип чыкты?
-Биринчиден элге жардам болсун деп, экинчиден өзүбүз бизнес кылып короо жайды оңдош үчүн атайын ишкана ачтык. Бизге көмөк көрсөтүп акылын кошуп жардам берип турган биздин атабыз болду.
-Канча адам жумуш орду менен камсыз болду ?
Ишканада үч адам эмгектенет. Станок менен бирөө иштейт, аралаштыргыч менен бирөө, үчүнчүсү ташыйт. Жумуш эртең менен 8 де башталып кечки 6-7 де бүтөт. Пескоблок даярдоо үчүн цементти Бишкектен, шагылын Нарындан алабыз.
Пескоблокту кургатуу учуру
-Кандай кыйынчылыктар болот?
-Пескоблок чыгарууда кыйынчылык деле жок бардыгы жеңил.
-Пескоблок алууну каалагандар болсо силерге кантип кайрылат?
-Телефон аркылуу заказ кылышса болот же кээде өзүлөрү келип буйрутма беришет.
Акбермет Руслан кызы