Окуу жылы 15-сентябрда башталат деген маалымат тарагандан кийин, айылдагы ар бир ата-эне жана окуучу мекткепке даярдыктарын баштады. Нарын районунун Оттук жана Казан-Куйган айылдарында да жаңы окуу жылга даярдыктар башталды. Бирок баалардын кымбатташы балдарды мектепке даярдоодо кыйынчылык жаратууда.
Оттук айлынын тургуну Жыпаркүл Жантаеванын 4 баласы мектепке барат. Ал буга чейин базарга барып бааларды байкап келген: “Мен 4 балама жөлөк пул алам, бирок ал каражат балдарыма кийим- кече алып берүүгө жетишпейт. Кошумча дагы мал сатууга туура келип жатат. Быйыл дагы эркин форма болсо бизге жеңил болот эле.”
Айылдагы айрым ата-энелер материалдык жактан мектепке даярдыкты баштай элегин айтышты. Айыл тургуну Мунара Баязова балдарын окууга моралдык жактан даярдап жатканын билдирди: “Балдарымды август айынын башынан баштап эле китеп окутуп, кол жазмасын көнүктүрүүгө жаздыра баштадым, дептер сатып берип, үйдөн математика, жазуу боюнча даярдай баштадым. Күнүнө эрте тургузуп, бир эки саат сабакка даярдаганга убакыт бөлөм.”
Быйыл окуунун оффлайн түрдө болушуна кубанып жатышат. Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Расул Кемелбеков дагы чыдамсыздык менен күтүп жатат: “Окуу офлайн түрүндө болот дегенде мен аябай сүйүндүм, себеби карантин убагында онлайн окуп, окуу деңгээли аябай түшүп кеткен эми мында деңгээлибизди көтөрөбүз деп ойлойм.”
Амир Курманбеков, Ибрахим Жумалиев