Ак-Талаа районунун Баетов айылында жүн жана тери иштетүүчү ишкана ачылат. Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматна караганда малдын терилерин жана койдун жүнүн кайра иштетүү максатында жергиликтүү бюджеттен 2млн 675миң сом бөлүнүп, каражатка жүн жана тери иштетүүчү жабдууларды (5 даана машина) сатып алуу үчүн мамлекттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланган. Сынакта “Кыргыз Альянс” ЖЧК сы утуп алып, 2млн 126миң сомго жабдууларды толугу менен алынып келинди.
Жабдыктар эски автобазанын кампасына түшүрүлдү
“Керектүү жабдыктар автобазанын бир кампасына түшүрүлдү. Азыр алынып келинген жабдыктар таролорунан чыгарыла элек. Себеби аны иштетүүчү үчүн 3 фазалуу электр тутуму керек экен. Аны тарттырып берсек, анан келишип орнотуп, иштетип беришет. Бул ишкана ишке киргенде 5-10кишиден кем эмес жумушчу орун түзүлүп, жүн, тери таштандыга ыргытылбай иштетилет. Иштетилген кебез таңгакталып, жууркан-төшөккө туура келген ченемде (размер) даярдалат” -деди ал.
Ошондой эле иштетип кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар ишкерлерге ишкананы ижарага берүү жагы дагы каралып жатканын кошумчалады. Эгер иштетүүгө кызыкдар жарандар болсо, айыл өкмөтүнө кайрылышса болот.
Барчын Мамытбекова