Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ден соолук

Демөөрчүлөр тез жардам унааларын ондотуп беришти

Ак-Талаа районунун ооруканасындагы бузулуп калган 2 тез жардам унаасы жергиликтүү тургундардын жардамы менен оңдолуп, ишке берилди.

3 Сентябрь 2020 жыл 16:17

Тогуз-Торо райондук ооруканага демөөрчүлөр тарабынан кычкылтек станциясы курулду

Тогуз-Торо райондук оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнө Мирдин Мукашев жана Куштарбек Орозовдун демилгеси жана каржылоосу менен кичи кычкылтек станциясы курулду. Кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппараттан 11 бейтап кычкылтек ала алат.

3 Сентябрь 2020 жыл 16:03

Ак-Талаада илдеттен акыркы жаран сакайып чыкты

2-сентябрда Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканадан пневмония менен жабыркаган акыркы бейтап сакайып чыкты. Бейтапты дарыгер жана медайымдар жакшы каалоо-тилектерин билдирип узатышты.

3 Сентябрь 2020 жыл 13:03

Чолпон айылынын тургуну: «Вирус дагы деле жок болуп кете элек, баарыңар сак болгула»

Кочкор районунун Чолпон айылынын Covid-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Чолпон айылдык №6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, дарыланууга көрсөтмөлөрдү алып жатышты. Бул ооруга кабылгандардын бири Эркин Кожогулова кандай медициналык тейлөөгө …

31 Август 2020 жыл 23:55

Он орундуу стационар октябрь айында ишке берилет

Учурда Талас облусунда бардык айылдардагы ФАПтарды оңдоо, кеңейтүү, кышкыга даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.  Үч-Эмчек айылында туулуп өсүп, учурда Бишкек шаарында жашап, “Бишкек курулуш” компаниясынын генералдык директорлук кызматын аркалаган Аскарбек …

31 Август 2020 жыл 10:45

Видео: Ак-Сай өрөөнү пандемия учурунда

Ат-Башы районунун алыскы Ак-Сай өрөөнүндө тургундардын абалы көзөмөлгө алынган. Ал жерде пандемия учурунда оор кырдаалдан чыгуу үчүн тез арада чечимдер кабыл алынган.

28 Август 2020 жыл 19:20

Карантин учурунда эмгектенген медкызматкерлерге бейтаптар ыраазы

Ноокат районунун Кулатов айылынын COVID-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып  дарыланууга көрсөтмөлөрдү алышып жатышты. Оорунун жеңил түрүнө кабылгандар  күндүзгү стационарга келип дарыланып жатышты.Алардын бири …

27 Август 2020 жыл 13:59

Мигранттар туулуп-өскөн айылына жардамын беришти

2020-жылдын июнь айында катуу кирип келген пандемияга каршы мигранттар дагы чогулуп оорунун алдын- алууга иш алып барышты. Тасма айылында туулуп-өсүп, азыркы учурда Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер айылына жардамын сунушту.

21 Август 2020 жыл 21:04

Ат-Башылык дарыгер: «Бейтаптарга атайын гимнастика үйрөтүүнү сунуштап жатабыз

«12 саат иштеп, кечинде баспай калабыз», — деген Ат-Башыдагы күндүзгү стационардагы дарыгер  Назгүл Мамбеталиева «кызыл зонадагы» жумушу кандай жүрүп жатканы жөнүндө айтып берди.

18 Август 2020 жыл 16:20

Тогуз-Торо районуна КР Улуттук Жарым Ай коомунан жардам келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жарым Ай коомунунЖалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Джолдошова Гүлжамал жетектеген кызматкерлери райондук ооруканага медициналык каражаттар, кызыл зонада иштеген медиктердин балдарына окуу куралдарын тапшырышты.

10 Август 2020 жыл 0:39

Айыл тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат

Куу-Майдан айылынын тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат. Медицина кызматкерлери күн сайын айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, күнүнѳ 20-25 үйдү кароодон ѳткѳрүшѳт.

6 Август 2020 жыл 15:52

Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылды

Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылып Тасма, Тогузбай жана Токтоян айылдарынын тургундары келип дарыланууда. Бул бөлүмдү ачканга айыл жаштары жана айыл активисттеринин салымы чоң. Россияда иштеп жүргөн жарандар, демөөрчүлөр дагы …

3 Август 2020 жыл 17:36

Covid-19 Жети-Өгүз районунда күч алууда

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунда абал оор. Жети-Өгүз райондук ооруканада азыркы күндө 150гө жакын адам дарыланып жатат. Ооруканада орун жок болгондугуна байланыштуу Жети-Өгүз туберкулездук санаторияга дагы жатып дарылануучу бөлүм ачылып, ал …

3 Август 2020 жыл 15:37

Куланак айылынын эли азыркы кырдаалдан ынтымак менен чыгууну алдыга коюшту

Акыркы айларда өлкөдө болуп жаткан пандемиянын кесепеттерине каршы Нарын облусунун Куланак айылынын эли жана жаштары ынтымакта чогулуп, акча топтоп, пандемия менен күрөшүүгө жумшоону чечишти.

3 Август 2020 жыл 15:14

Айыл жаштары жана чет жердегилер ФАПка жардам көрсөтүштү

Табылгыты айыл жаштары, Россияда иштеген жердештер демилге көтөрүп, райондук ооруканага жана жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Сары-Булуң айыл аймагынын “Табылгыты айыл жаштары” демилге көтөрүп, 30 миң сом акча чогулуп, …

3 Август 2020 жыл 13:22

Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана …

2 Август 2020 жыл 12:36

Карасаев айыл аймагына Covid-19ду жеңүүгө ар тараптуу жардамдар келди

Сыртта эмгектенген эр азамат, эл үчүн күйгөн балдары айыл элинин ден- соолугуна кам көрүшүүдө. Айыл активисттери бул аманатты так жана калыс жеткирүүгө аракет кылганын айтышат.

1 Август 2020 жыл 17:35

Бут менен иштеген жугушсуздандыруучу каражаттар берилди

Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин Нарындагы коомдук бирикмеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен бирдикте Ак-Талаа районуна байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды жана  кабиналарды беришти.

1 Август 2020 жыл 17:27

Кулатов айыл аймагында өзгөчө абал туруктуу

Кулатов айыл аймагындагы күндүзү келип кетүүчү стационардык ооруканага стационар ачылгандан бери 14 күн ичинде 185 оорулуу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды, 15и айыгып чыкты. 

1 Август 2020 жыл 17:07

Кулатов: Ооруканага мед жабдыктарды алуу үчүн акчалай жардам берилди

Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына  В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам  колун сунушту. 

1 Август 2020 жыл 16:50

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...